КОНТУЗИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНТУ́ЗИЯ (лат. contusio – урунуу) – катуу урунуудан, күчтүү жарылуудагы абанын согуу толкунунун таасиринен организмдин жалпы жабыркашы. О. эле катуу жыгылганда, оор нерсе басып калганда, суу астындагы жарылууда суу толкуну урганда да К. болушу мүмкүн. Жабыркаган киши акыл-эсин жоготот. Жеңил эстен тануу кыска мөөнөт (бир нече мүнөт) болуп, дем алуу ж-а жүрөк-кан тамыр системасынын функциялары бузулбайт. Оор түрүндө бир нече сааттан суткага чейин өзүн жоготуп, жүрөк иши, дем алуу бузулуп, кээде кома болушу мүмкүн. Эсине келгенде башы дайыма айланып, ооруйт, көөнү айнып кусат, жакшы укпай, сүйлөй албай, кээде дүлөй-дудук болуп калышы мүмкүн. Катуу К-дан кийин көп убакытка чейин киши чарчап, өзүн жаман сезет. Мээнин К-сы өтө оор өтүп, акыл-эсин жоготуп, дем алуу, кан айлануу бузулат. Кыймылы, сезүүсү, сүйлөө, угуу, көрүү ж. б. начарлайт. Мээнин К-сы кан куюлуу, мээнин ак шишиги м-н коштолушу мүмкүн. Кийинчерээк мээнин К-сы эпилепсияга (талма) алып келиши ыктымал. Жабыркагандарга тынчтык ж-а жардам көрсөтүү, ооруканада дарылоо талап кылынат.