КОНТРДАЯРДЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНТРДАЯРДЫК – коргонууда турган оперативдүү бирикменин душмандын алгачкы чабуулунун мизин кайтарып, үзгүлтүккө учуратуу же күчүн кетирүү үчүн колдонулуучу ыкмаларынын бири. К. ракеталык аскерлердин, авиациянын, артиллериялык ж. б. атма куралдар м-н душмандын башкы топторуна күтүүсүз чечкиндүү сокку уруу үчүн жүргүзүлөт. Ядролук кол салуу куралдары, артиллерия, миномёттор, аэродромдогу самолёттор, жүрүшкө чыгууга же чабуул коюуга даярдалган танктар ж-а мотопехота, башкаруу пункттары, байланыш түйүндөрү, ок-дары ж-а күйүүчү май кампалары, о. эле душмандын чабуул коюучу күчтөрүнүн согушка жөндөмдүүлүгүн начарлатуучу ж. б. нерселер – К-тын негизги объектилери.