КОНКРЕЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНКРЕ́ЦИЯ (лат. concretio – өсүү, коюлуу) – чөкмө тектердин арасында кездешүүчү ар кандай

Чопо-карбонаттуу конкреция.

түспөлдөгү (тоголок, сүйрү, жалпак ж. б.) минералдык түзүлүш. Тоо тектери пайда болгон учурда, алардын курамындагы минералдар мурда орун алган бүртүкчөнүн (минерал же тектердин сыныктары, балыктын сөөгү, үлүл калканы, өсүмдүк калдыгы ж. б.) айланасына топтолуп, диффузия же инфильтрация жолу м-н кристаллданат. Тоголок, сүйрү, жалпак турпатка ээ болот. Катмарчаланган кальцит, темир, кремний кычкылы, марганец, сульфид, сидерит, ба­рит ж. б. минералдар кездешет. Чоңдугу бир нече ммден мге жетет. Бардык тектерде, азыр пайда болуп жаткан көл, деңиз, океан чөкмөлөрүндө жолугат. Тынч, Атлантика, Инд океандарынын түптөрүндөгү темир-марганец К-лары (10%ке чейин) турмушта зор мааниге ээ.