КОНДОМИНИУМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНДОМИ́НИУМ [лат. con (cum) – бирге ж-а dominium – ээлик кылуу] – 1) биргелешип ээлик кылуу – үстөмдүк; 2) мамл. укукта – мамл. бийликтин ошол аймагында биргелешип иш кылуу; 3) турак жай чөйрөсүндө кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү комплексинде менчик ээлеринин бирикмеси. Үй ээлери К-га үй ээлеринин өнөктөштүгүн түзөт, жалпы менчикке ээлик кылуу, пайдалануу ж-а тейлөө б-ча өз укуктарын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө үй ээлеринин макулдугун камсыз кылат. Үй ээлеринин жалпы менчик объектилерине квартира аралык тепкичтер аянтчасы, тепкичтер, лифттер, лифт ж. б. шахталары, чатырлар, тех. кабаттар ж-а жертөлөлөр, жалпы пайдаланылуучу башка жайлар, коридорлор, белгиленген чектердеги инж. структуранын ж-а жайлуулуктун элементтери бар жер участкалары, о. эле турак жай чөйрөсүндөгү кыймылсыз мүлк комплекси м-н тикелей ж-а ажырагыс байланыштагы өзүнчө турган ж-а аны максаттуу пайдаланууга кызмат кылуучу объектилер кирет. Үй ээлеринин жалпы менчиги болуп эсептелген объектилер обочолонтууга жатпайт. Турак жай чөйрөсүндөгү кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү комплексинин чектериндеги менчик ээлери К. мүчөлөрүнүн менчигинде турган жалпы аянтты күтүүгө, курууга, эксплуатациялоого, оңдоого байланышкан чыгымдарды көтөрөт. Өнөктөштүк өз мүчөлөрүнүн милдеттенмелери б-ча жооп бербейт, ал эми өнөктөштүктүн мүчөлөрү өнөктөштүктүн милдеттенмелери б-ча жооптуу эмес. Өнөктөштүк коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал өнөктөштүктүн нотариус күбөлөндүргөн уставын көрсөтүү м-н жерг. өзүн өзү башкаруу органдарында катталууга тийиш. Катталуу күбөлүгүн алган күндөн тартып, өнөктөштүк юридикалык жак укугуна ээ болот.