КОНДИЦИЯЛЫК КЕНТАШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНДИЦИЯЛЫК КЕНТАШ – физ., хим. ж. б. касиеттерине жараша белгилүү өлчөмдө алынган кенташ. Мында кенташтын курамындагы металлдардын өлчөмү белгилүү бир өлчөмдө болушу зарыл. Мис., темирлүү кенташта темир 35– 40%, жез кенташында жез 0,4–1%, алтындуу кенташта алтын 0,04–0,05%тен кем болбоого тийиш. Кээде кенташтагы керексиз аралашмалардын (күкүрт, фосфор ж. б.) саны м-н да К. к. аныкталат. Жер астынан казылып алынган кенташтардын кесектигине жараша да кондиция такталат. Казуу, ташуу иштери ыңгайлуу болсун үчүн з-д, ф-каларга жөнөтүлгөн кенташтар белгилүү өлчөмдө, кесектикте даярдалат.
Мында кенташтын кесектиги 400–600 ммден ашпоо керек.