КОНДИЦИОНЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНДИЦИОНЕ́Р (лат. condiсio – шарт, абал) – имараттын (же башка жабык жерлердин) ичине берилген

Кондиционер: 1 – жылуу агым; 2 – желдеткич (вентилятор); 3 – жы­луулук алмаштыргыч түтүгү; 4 – чыпка (фильтр); 5 – жылуулук алмаштыргыч; 6 – компрессор; 7 – сырткы жылуулук алмаштыргыч түтүгү; 8 – кеңейтүүчү клапан; 9 – кеңейтүүчү клапан.

абаны айланышына жараша белгилүү темп-рада ж-а нымдуулукта жөнгө салып туруучу түзүлмө. К. автономдуу (муздаткыч машинасы ж-а аба жылыткычы бар) ж-а автономдуу эмес (жылуулукту ж-а муздактыкты сырттан, ал эми абаны борб. К-ден алган) болуп айырмаланат. Бул система өзүнө муздаткыч,

ысыткыч, нымдаткыч, кургаткыч, аба чыпкасы ж-а шыкагыч желдеткичти камтыйт. Аба имараттын ичине жайгаштырылган киргизүүчү система аркылуу бөлүштүрүлөт ж-а иштелген аба кайра айлантып киргизүүчү система аркылуу кайра колдонулат. Адам өзүн жакшы сезип, дем алуусуна жакшы шарт түзүлөт (к. Аба­ны кондициялоо). Ысык климаттуу жерде, күнөс жайларда К-ди колдонуу туруктуу ж-а чоң энергия талап кылат.