КОНДЕНСАТТЫК КУРУЛМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНДЕНСАТТЫК КУРУЛМА – конденсатору бар түзүлүштөрдүн ж-а анын туура иштешин камсыз кылуучу түтүктөрдүн, насостордун, арматуранын, жөндөөчү ж-а өлчөөчү приборлордун комплекси. ЖЭСтердеги буу турбиналарын тейлөөчү К. к. ири курулмалардын катарына кирет. Ал буу турбинасында иштетип чыгарылган бууну 5 кн/м2 (0,5 кгк/см2) болгон төмөнкү басымда конденсациялоо үчүн колдонулат. Анда вакуум астында пайда болгон конденсатты сыртка чыгаруучу ж-а буу м-н кошо конденсаторго бара жаткан конденсацияланбаган газды, негизинен вакуум системасынын өтө тыгыз болбогон жеринен кирген абаны тосуп калуучу түзүлүштөр болот.