КОНГО ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КО́НГО ОЙДУҢУ – Борб. Африкадагы ири ойдуң. Байыркы ж-а азыркы чөкмө тектерге (кумдук, чополуу сланец ж. б.) толгон Африка платформасынын синеклизасына дал келет. Таманы жайпак, диаметри 1000 кмдей. Тектирлүү плато ж-а бөксө тоолор м-н курчалган. К. о-нун рельефи ярустук түзүлүштө. Эң жапыз (300–400 м бийикте) ж-а голоценде жаралган төмөнкү ярусу жазы, көбүнчө саздак келип, көптөгөн дарыялардын жайылмалуу өрөөндүү К. о-нун борб. бөлүгүндө жалпы бир жайык аллювий түздүгүн пайда кылат. Түздүктү мезгил-мезгили менен суу каптап турат. Андан жогору бир нече деңгээлдеги антропогендик тектирлер ж-а плиоцен-антропогендеги тектир сымал платолор жайгашкан. Платолор четки бөксө тоолорду карай түн. ж-а батышында 500 м бийиктен, түш. ж-а чыгышында 1000 мден жогору көтөрүлөт. Саз жерлерди кургатуу иштери жүргүзүлүүдө. Ойдуңду Конго д-нын алабы ээлейт. Ысык ж-а нымдуу экватордук (түн. ж-а түш чет-жакаларында субэкватордук) климат өкүм сүрөт. Айлык орт. темп-расы 23–25°Сден 26–27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм ж-а андан да ашык. Ойдуңду нымдуу дайыма жашыл гилея ж-а жалбырагы күбүлмө токой (көбү кыйылган), саздак жерлер текши каптаган. Ойдуңда жайгашкан ири Салонга улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.