КОНГО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
42 сап: 42 сап:


==Маданияты==
==Маданияты==
. К-до б и л и м б е р ү ү «Билим берүү жөнүндөгү мыйзам» (1967) м-н жөнгө салынат. Билим берүүнүн азыркы системасы 6 жылдык башталгыч (5,5–6 жаштан) ж-а жети жылдык орто (толук эмес ж-а толук орто мектеп) мектептерди, кесиптик-тех. окуу жайларды ж-а ЖОЖдорду камтыйт. Мектепке чейинки тарбия берүүгө балдардын 9%и, башталгыч билим берүүгө 55%и, орто билим берүүгө 25%и камтылган калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 86%ти түзөт (2006). Белгилүү ЖОЖ-дору: М. Нгуаби атн. ун-т (1961), ин-ттар ж-а жогорку мектептер. Ил. мекемелери: Борб. африкалык изилдөө, Пастеров (1908) ин-ттары, Ил. ж-а тех. изилдөө б-ча улуттук кеңеш (1966). Илим ж-а техника панафрикалык союзу (1987) ж. б. (баары Браззавилде). Браззавилде күнүгө француз тилинде «Mweti» (1977), «Journal de Brazzaville», «Courrier d`Afrique» ж. б. гезиттер чыгат. Радио уктуруу 1935-жылдан, телекөрсөтүү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги – Agence Congolaise d`Information
Конгодо б и л и м б е р ү ү «Билим берүү жөнүндөгү мыйзам» (1967) менен жөнгө салынат. Билим берүүнүн азыркы системасы 6 жылдык башталгыч (5,5–6 жаштан) жана жети жылдык орто (толук эмес жана толук орто мектеп) мектептерди, кесиптик-техникалык окуу жайларды жана жогорку окуу жайларды камтыйт. Мектепке чейинки тарбия берүүгө балдардын 9%ы, башталгыч билим берүүгө 55%ы, орто билим берүүгө 25%ы камтылган калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 86%ды түзөт (2006). Белгилүү жогорку окуу жайлары: М. Нгуаби атындагы университет (1961), институттар жана жогорку мектептер. Илимий мекемелери: Борбордук африкалык изилдөө, Пастеров (1908) институттары, Илимий жана техникалык изилдөө боюнча улуттук кеңеш (1966). Илим жана техника панафрикалык союзу (1987) жана башкалар (баары Браззавилде). Браззавилде күнүгө француз тилинде «Mweti» (1977), «Journal de Brazzaville», «Courrier d`Afrique» жана башка гезиттер чыгат. Радио уктуруу 1935-жылдан, телекөрсөтүү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги – Agence Congolaise d`Information
(ACI; 1962-жылдан).<br>
(ACI; 1962-жылдан).<br>Конго а д а б и я т ы 1950-жылдардан француз тилинде өнүгө баштаган. 1950–1970-жылдардын поэзиясы үчүн антиколониялык тематика мүнөздүү (Ж. Ф. Чикая У Тамси, «Бузук кан», 1955; Ж. Б. Тати-Лутара, «Жаңы күндөр», 1975) болсо, 1960-жылдарда баатырдык-тарыхый драма, комедия, 1970–1980-жылдарда проза (А. Лопес, Чикайы Кю Тамси, Сони Лабу Танси жана башкалар) өнүккөн. XX–XXI кылымдардын чегинде адабиятта агартуучулук идеологиянын кризиси байкалган. XIX кылымдын 2-жарымынан шаарларында, европалык типтеги имараттар курулууда. Заманбап искусствосунда Пото-Пото живопись мектебинин чыгармалары өзгөчөлөнөт. 1960-жылдары м у з ы к а с ы өнүгө баштаган. 1965-жылы Конго улуттук театры ачылып, 1966-жылы Браззавилде Улуттук конго балети түзүлгөн. Өлкөдө «Монана» балет театры (1992) жана «Bivelas» (1992) театралдык компаниясы, «Йаро» (1999) маданий борбору иштеп, 1996-жылдан Браззавилде «Мабина данс» бий фести&shy;валы өткөрүлөт. Белгилүү театр ишмерлери: Сони Лабу Танси, А. Л. Бейкер, Э. Б. Донгала, Ж. Салладен, Н. Бисси, Ж. Нсангата жана башкалар.
К. а д а б и я т ы 1950-жылдардан француз тилинде өнүгө баштаган. 1950–70-жылдардын поэзиясы үчүн антиколониялык тематика мүнөздүү (Ж. Ф. Чикая У Тамси, «Бузук кан», 1955; Ж. Б. Тати-Лутара, «Жаңы күндөр», 1975) болсо, 1960-жылдарда баатырдык-тарыхый драма, комедия, 1970–80-жылдарда проза (А. Лопес, Чикайы Кю Тамси, Сони Лабу Танси ж. б.) өнүккөн. 20–21-к-дын чегинде ад-тта агартуучулук идеологиянын кризиси байкалган.
19-к-дын 2-жарымынан шаарларында, европ. типтеги имараттар курулууда. Заманбап иск-восунда Пото-Пото живопись мектебинин чыгармалары өзгөчөлөнөт.
1960-жылдары м у з ы к а с ы өнүгө баштаган. 1965-ж. К. улуттук театры ачылып, 1966-ж. Браззавилде Улуттук конго балети түзүлгөн. Өлкөдө «Монана» балет театры (1992) ж-а «Bivelas» (1992) театралдык компаниясы, «Йаро» (1999) маданий борбору иштеп, 1996- жылдан Браззавилде «Мабина данс» бий фести&shy;валы өткөрүлөт. Белгилүү театр ишмерлери: Сони Лабу Танси, А. Л. Бейкер, Э. Б. Донгала, Ж. Салладен, Н. Бисси, Ж. Нсангата ж. б.




Ад.: <i>Виноградова Н. В.</i> Республика Конго. Справочник. 2-е изд. М., 2007; Конго//Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.
Ад.: <i>Виноградова Н. В.</i> Республика Конго. Справочник. 2-е изд. М., 2007; Конго//Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

04:10, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КО́НГО , К о н г о Р е с п у б л и к а с ы – Борб. Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түш.-батышынан Атлантика океаны м-н чулганат (жээгинин уз. 169 км). Түндүгүнөн Камерун, Борб. Африка Респ., чыгышынан ж-а түштүгүнөн Конго Демокр. Респ., түштүгүнөн

Ангола (Кабинда провинциясы), батышынан Габон м-н чектешет. Аянты 342 миң км2. Калкы 3,7 млн (2008). Борбору – Браззавиль. Расмий тили – француз тили; улуттук тилдери – лингала ж-а китуба. Адм.-айм. жактан 10 облуска ж-а борбор округуна бөлүнөт (к. таблицаны).
К. – БУУнун (1960), Африка Биримдиги уюмунун (1963; 2002-жылдан Африка союзу), Эл ара­лык өнүгүү ж-а реконструкция банкынын (1963),

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

ЭВФтин (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму­нун (1997) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2002-ж. 20-январда референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет башчысы – президент, 7 жылга шайланат (бир жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент өкмөттү баш­карат ж-а куралдуу күчтөрдү жетектейт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – кош палаталуу парламент (Улуттук ассамблея ж-а Сенат). Аткаруу бийлигин президент жетектеген коалициялык өкмөт (Министрлер кеңеши) ишке ашырат. Конституция б-ча президент парламентти таратууга, парламент президентти кызматынан кетирүүгө ж-а өкмөткө ишенбөө вотумун жарыялоого укуксуз, өкмөт парламенттин көпчүлүк добушуна карабай президент тарабынан шайланат. К-до көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Конго эмгек партиясы, Конго демократия ж-а интегралдык өнүгүү үчүн кыймылы, Социалдык демократия үчүн панафрикалык уюм ж. б.

Табияты

. Атлантика океанынын жээги жайпак, кумдуу саяңдар, лагуналар кездешет. Жээктей кууш (жазылыгы 40–50 км) аккумуляциялык түздүк созулуп жатат. Анын түн.-чыгышын Хрусталдуу ж-а Майомбе жапыз тоолору, эң оёң жерин акиташ тектүү түздүк ээлейт (мында рельефтин карсттык формалары кеңири таралган). Өлкөнүн борб. бөлүгүн Батеке денудациялык платосу (деңиз деңг. бийикт. 500–800 м) ж-а Шайю тоолору (бийикт. 903 мге чейин, К-нун эң бийик жери) ээлейт. Өлкөнүн түн.-чыгыш бөлүгү Конго ойдуңунда жайгашып, анда саздашкан аллювий түздүктөрү басымдуулук кылат. Жеринин негизги бөлүгү байыркы Африка платформасынын борборунда жайгашкан. Негизги кен байлыктары: нефть (негизинен шельфтерде), алтын (Майоко, Мбомо ш-на жакын), жез-коргошун-цинк (өлкөнүн түштүгүндө), темир, боксит, колумбит, танталит, таш көмүр, алмаз ж. б. Аймагында негизинен ысык ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт; түндүгүнө дайыма нымдуу экватордук (жылына 2 жолу жаан-чачындын максимуму – март–май ж-а сентябрь–ноябрда байкалат), түштүгүнө кургакчыл сезондуу (июнь – сентябрь) субэкватордук климат мүнөздүү. Эң жылуу айынын (март же апрель) орт. темп-расы 24–28°С, эң суук (июль же август) айыныкы 20–25°С. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 мм, түш. чет-жакасында 1200–1400 мм. К. суусу мол дарыяларга бай. Чыгышында өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгү Конго д-нын, батышында негизинен Куилу д-нын (Ниари д-нын жогорку агымы) алаптарына кирет. Конго д. ж-а анын куймалары – Убанги, Санга, Алима м-н кеме каттайт. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 222 км3ди түзөт, ар бир адамдын суу м-н кам­сыз болуусу 69 м3ден ашат.
Кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; өлкөнүн түн.-чыгышындагы саздуу түздүктөрдө глейлешкен сары ферралит топурактары таралган. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 6000ден ашык түрү бар, анын 33 түрү жоголуу алдында турат. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн (65%тен ашыгын) экватордук дайыма жашыл ж-а субэкватордук чала дайыма жашыл токой ээлейт. Аралаш ж-а монодоминанттуу дарак өсүмдүктөрү басымдуу; ал энтан-дрофрагма, бийик перикопсис сымал баалуу да­рактарга бай; Конго д-нын ж-а анын оң куймаларынын өрөөндөрүндө саздуу токой таралган. Токойсуздануу темпи жылына 1%ти түзөт (1990–2000). Өлкөнүн түш. бөлүгүндө токой 1940-жылдардан баштап эле кыйыла баштагандыктан, 21-к-дын башында токой кыйла суюлуп, анын ордун сезондуу-нымдуу саванна, сейрек токой ж-а кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. К-нун түндүгүндө (негизинен дарыя өрөөндөрүндө ж-а тоо этектеринде) токой 1970-жылдардан баштап гана кыйыла баштагандыктан, анда табигый абалында сакталган токойдун ири массивдери да кездешет. Сүт эмүүчүлөрдүн 200дөй, куштардын 600дөй, сойлоочулардын 150дөй, жерде-сууда жашоочулардын 50дөн ашык, балыктын 80дей, курт-кумурскалардын 2000ден ашык түрү белгилүү. К-до жоголуп бара жаткан жаныбарлардан (сүт эмүүчүлөрдүн 14, куштардын 4 түрү) горилла, шимпанзе, Африка токой пили (дүйнөдөгү кол тийбеген ири популяциялардын бири), бонго ж. б. мекендейт.
К-до коргоого алынган 24 табигый аймак бар (өлкөнүн 15%тен ашык аянтын ээлейт). Алардын ирилери: Одзала улуттук паркы (аянты 13 миң км2ден ашык; ЮНЕСКОнун биосфералык резерваты), Нуабала-Ндока улуттук паркы (4 миң км2ден ашык). Африка пилин коргоо үчүн бир нече корукча (заказник) уюшулган (а. и. Пул-Плато да бар). К-до Борб. Африкадагы эл аралык маанидеги эң ири суу-саздуу аймактардын бири – Лейк-Телле-Ликуала-оз-Эрб (аянты 4,39 миң км2) жайгашкан.

Калкы

. К-нун калкынын басымдуу бөлүгү (97,9%и) нигер-конго тилдеринде сүйлөйт; а. и. бантулар 91,4%ти түзөт; адамава-убанги тилдеринде калктын 6,5%и сүйлөйт. Калкынын табигый өсүүсүнүн жогорку темпи (2,7%, 2008) төрөлүүнүн көптүгүнө (1000 адамга 41,8 бала) байланыштуу; өлүм-житим 1000 адамга 12,3 адам. Эмгек курагындагылар (15–64 жаштагылар – 51%) басымдуу, 14 жашка чейинкилер

Пуэнт-Нуар шаарынын жалпы көрүнүшү.

46,1%, 65 ж-а андан ашкан курактагылар 2,8%. Калктын орт. курагы 16,3 жыл (2008). Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 53,8 жыл (эркектерди­ки 52,5, аялдардыкы 55 жыл). 100 аялга 99 эркек туура келет. Миграция сальдосу оң мааниде: 1000 тургунга 2,5 (2008). Калкынын орт. тыгыздыгы: 1 км2 жерге 11 адам (2008; Афри­кадагы калк эң сейрек отурукташкан өлкөлөр­дүн бири). Өлкөнүн түштүгүндө калк эң жыш (1 км2 жерге 40 адамга чейин), түндүгүндө сей­рек (1 км2 жерге 1 адамдай) отурукташкан. Шаар калкы 62%. Ири шаарлары: Браззавиль (кал­кы 1180 миң), Пуэнт-Нуар (662,8 миң), Лубомо (122,8 миң), Нкайи (58,6 миң).

Тарыхы

. Киндамба ш-на жакын аймактан табылган таш куралдары ж-а аскага тартылган сүрөттөр К. аймагында палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. К-нун жерг. калкы – пигмейлер. Б. з. 1-миң жылдыгынын башында бантулар аларды токойлуу райондорго сүргөн. 13-к-дан кийин К. аймагында Лоанга, Теке (Тио, Анзика, Макоко деп да айтылат) ж-а К. мамл. бирикмелери түзүлгөн. 15-к-дын аягында К. күч алып, Нгойя ж-а Каконго мамл. бирикмелерин басып алган. 1480-жылдары пор­тугалдыктар К-го келе башташкан. 16-к-дын ор­тосунда К. кул сатуу борборуна айланып, өлкө начарлай баштаган. Жерг. калк бир нече жолу португалдарга каршылык көрсөтүшкөн. 1870-жылдары К-го француздар отурукташкан. 1879– 82-ж. фр. экспедиция жетекчиси П. С. де Бразза Макоконун башкаруучусу – Элло I м-н келишим түзүп, ал б-ча Конго д-нын оң жээгиндеги аймактар Франция протекторатына, 1882-жылдан колониясына айланган. 1910-ж. К. Франция Экватордук Африкасынын курамына кирген. Жерг. калктын колониячыларга каршы көтөрүлүштөрү (1910, 1913, 1928) массалык мүнөздө өтүп, күч м-н басылган. 1940–50-жылдары К. көз карандысыздык кыймы лы кеңири жайылып, алгачкы саясий партиялар ж-а африкалыктардын профсоюз уюмдары пайда болгон. 1945-ж. Ж. Ф. Чикайя Конго

прогрессивдүү партиясын (КПП, 1946-жылдан Африка демокр. биримдигинин секциясы) түзгөн. 1946-ж. Франция соц. партиясы секциясы түзүлүп, 1957-ж. Африка соц. кыймылы партиясына айланган. 1956-ж. Ф. Юлу Африкалыктардын кызыкчылыгын коргоо демокр. уюмун негиздеген. 1960-ж. 15-августта көз карандысыз К. Респ. жарыяланган. 1961-ж. өлкөнүн Конституциясы кабыл алынып, Ф. Юлу президенттикке шайланган. Бирок анын жүргүзгөн саясаты элге каршы болгондуктан, 1963-ж. 13–15-августта үч күндүк рев-янын натыйжасында бий­ликтен кулап, өкмөттү ж-а 1964-ж. түзүлгөн Улуттук рев-ячыл кыймыл партиясын (УРК) премьер-министр (1963-ж. 19-декабрдан президент) А. Массамба-Деба башкарган. УРК өлкөдөгү бирден-бир башкаруучу саясий партияга айланган. 1964-ж. К. өкмөтү экон. өнүгүүнүн 1-беш жылдык планын кабыл алып, айрым чет элдик компанияларды менчиктештирген. К-го бир партиялуу система киргизүү ж-дө мыйзам кабыл алынган. А. Массамба-Дебонун жеке бий­ликке умтулуусу калктын кеңири чөйрөсүнүн нааразылыгына алып келип, 1968-ж. август-сентябрь айларында А. Массамба-Дебонун өкмөтүн отставкага кетүүгө мажбур кылып, башында М. Нгуаби (1969-жылдан президент) турган Рев-янын улуттук кеңеши түзүлгөн. 1969-ж. декабрда Конго эмгек партиясы (КЭП) түзүлүп, башкаруучу саясий партия болуп калган. Жаңы Конституция кабыл алынып, өлкө К. Элдик Респ. деп аталган. 1977-ж. 18-мартта М. Нгуа­би өлтүрүлгөндөн кийин мамлекетти Ж. Йом­би-Опанго башында турган КЭПтин Аскер к-ти (АК) башкарган. 1979-ж. Д. Сассу-Нгессо КЭП-тин төрагасы ж-а К. президенти болуп калган. 1991-ж. көп партиялуу система киргизилип, өлкө кайрадан К. Респ. деп аталган. 1992-ж. референдумда кабыл алынган жаңы Конституция б-ча көп партиялуу системанын негизинде алгачкы президенттик ж-а парламенттик шайлоолор өткөн. Бул шайлоолордо П. Лиссуба жетектеген Социалдык демократия үчүн панафрикалык уюм (1991) жеңишке жеткен. 1993–94-жылдары оппозиция ж-а башкаруучу партия­нын (КЭП) жактоочуларынын куралдуу күрөшү башталган. 1997-ж. Д. Сассу-Нгессо К-нун борбору – Браззавиль ш-н басып алып, өзүн президент деп жарыялаган. Өкмөттүк аскерлер ж-а оппозициянын куралдуу отряддарынын кагылышуулары 1999-жылдын аягына чейин уланган. 2001-ж. жалпы улуттук 2-конф-яда Тынчтык ж-дө конвенция иштелип чыккан ж-а кабыл алынган. 2002-ж. январдагы референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык президенттик ж-а парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Д. Сассу-Нгессонун президенттик кызматы сакталып калган. 2007-ж. кезектеги парламенттик шайлоодо КЭП ж-а анын союздаштары кайрадан жеңишке ээ болгон.

Чарбасы

. Экономикасынын негизин нефть өндүрүп, экспорттоо (ИДПнин 70%тен ашыгын камсыз кылат). 2000-жылдары К-нун экон. абалы турукташып, 1990-жылдардагы куралдуу кагылышуудан калган финансы-экон. терең кризистен чыга баштаган. К. Тропиктик Африканын туруктуу өнүккөн өлкөлөрүнүн тобуна кайра кошулган. ИДПнин көлөмү 13,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 3,7 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүшү 1,6%. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,548 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 139-орунду ээлейт). Өлкөнүн сырткы карызы 2000-жылдардын башталышында 5 млрд долларды түзөт (аны киши башына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллар – дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч). К-нун экон. саясаты экономиканы диверсификациялоого, чет элдик ж-а жеке инвестицияларды тартууга, жакырчылыкты жоюуга, а. ч. өндүрүшүн ж-а туризмди өнүктүрүүгө багытталган. 21-к-дын баш­талышынан өлкөгө жылына 20 миңдей турист келет, туризмден түшкөн киреше 25,6 млн доллар. ИДПнин структурасындагы ө. ж-нын үлүшү 57,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 37,3%, а. ч-ныкы 5,6% (2006).
К. нефть өндүрүү б-ча (2006-ж. 13,9 млн т) Тропиктик Африкада Нигерия, Ангола, Экватордук Гвинея, Габондон кийинки 5-орунду туруктуу ээлейт. Негизинен Атлантика океанынын шельфинен (Пуэнт-Нуар ш-на жакын) өндүрүлөт. Пуэнт-Нуардагы нефть ылгоочу з-д – К-догу ири ө. ж. ишканаларынын бири. 2007-ж. 352 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, ал эми керектөөсү 572 млн кВт.с. Электр энергия­сынын 99%и 2 гана ГЭСтен өндүрүлөт; 4 шаарда ЖЭС иштейт. Бирдиктүү энергия системасы жок. Нефть өндүрүүдөн кийинки маанилүү 2-тармагы – жыгач даярдоо ж-а аны иштетүү. 14 млн га жердеги токой ө. ж-лык мааниге ээ. Баалуу дарак породаларынын (негизинен окуме, лимба, махагони, дибету, сапеле, сино) запасы 300 млн м3ден ашат. Жыгачтын 60%ке жакыны өлкөнүн түн. бөлүгүндө, 40%и түш.- батышында даярдалат. 20га жакын жыгач иштетүүчү з-ду бар (Браззавиль, Пуэнт-Нуар, Лубомо ж. б.). Жыл сайын 100 миң м3 чамасында тактай материал, 70–100 миң м3 фанера даярдалат. Хим.

Конго Республикасынын акчасы – франк.

ишканалар (Браззавиль, Пуэнт-Нуаре ш-ндагы лак-сыр материалдарын, пластмасса, тиричилик химиясын, полимер плёнкаларын, суюлтулган газ даярдоочу ж. б. заводдор), текстиль комбинаты, тамеки ф-касы, ме­талл ремонттоочу ишканалар, кеме ремонтточу верфтер (Браззавиль), тамак-аш (кант, ун, пиво, май), курулуш материалдар (ири цемент з-ду) ө. ж. ишканалары бар.

21-к-дын башынан а. ч. өндүрүшүнүн төмөндөшү ж-а импорттук азык-түлүк товарынын көбөйүшү мүнөздүү. А. ч-на жарактуу жер өлкө­нүн аянтынын 58,2%ин ээлеп, анын 0,6%и гана пайдаланылат. Майда дыйканчылык чарбалары басымдуу, аларга иштетилүүчү жердин 68%и, өндүрүлгөн а. ч. продукциясынын 85%и таандык. Негизги а. ч-луу аймактары: Буэнза, Ниари, Пул обл. Экспорттук мааниси бар өсүмдүктөрү: бал камыш, жер жаңгак, какао, кофе. Май пальмасынын плантациялары кеңири таралган. Маанилүү а. ч. өсүмдүктөрү: маниок, таро, батат, картөшкө; о. эле плантайн, жүгөрү, таруу, ак жүгөрү, күрүч өстүрүлөт. Мал чарбасы (экстенцивдүү жартылай көчмөн мүнөздө) ар кандай тропиктик ылаңдарга, а. и. цеце чымынынын чагуусуна байланыштуу анча өнүккөн эмес. 2005-ж. 300 миң эчки, 105 миң кой, 93 миң бодо мал, 54 миң чочко, 2,0 млн үй кушу болгон. Балыкчылык өнүгүүдө; жылына 45 миң т чамасында балык кармалат.
Автомобиль жолунун уз. 17,3 миң км, т. ж-нуку 894 км (2004). Негизги деңиз порту – Пуэнт- Нуар (жылдык жүк ташуусу 15 млн т чамасында; анын 70%тейи транзиттик жүктөр). Суу жолунун уз. 2,5 миң км; негизги дарыя порту – Браззавиль. Нефть куурунун уз. 758 км (2007). 31 аэропорту бар, анын 2 эл аралык мааниде (Браззавиль, Пуэнт-Нуар ш-нда).
Сырткы соодасынын көлөмү 8,1 млрд доллар, анын 6,3 млрд долларын экспорт, 1,8 млрд дол­ларын импорт түзөт. Экспортко негизинен нефть (90%ке жакыны), жыгач (7%), кант, кофе, какао, жер жаңгак чыгарат. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Тайвань, Корей Респ. Сырттан (Франция, Кытай, Италия, Индия, Бельгиядан) машина ж-а жабдууларды, транспорт каражаттарын, азык-түлүк алат.

Маданияты

Конгодо б и л и м б е р ү ү «Билим берүү жөнүндөгү мыйзам» (1967) менен жөнгө салынат. Билим берүүнүн азыркы системасы 6 жылдык башталгыч (5,5–6 жаштан) жана жети жылдык орто (толук эмес жана толук орто мектеп) мектептерди, кесиптик-техникалык окуу жайларды жана жогорку окуу жайларды камтыйт. Мектепке чейинки тарбия берүүгө балдардын 9%ы, башталгыч билим берүүгө 55%ы, орто билим берүүгө 25%ы камтылган калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 86%ды түзөт (2006). Белгилүү жогорку окуу жайлары: М. Нгуаби атындагы университет (1961), институттар жана жогорку мектептер. Илимий мекемелери: Борбордук африкалык изилдөө, Пастеров (1908) институттары, Илимий жана техникалык изилдөө боюнча улуттук кеңеш (1966). Илим жана техника панафрикалык союзу (1987) жана башкалар (баары Браззавилде). Браззавилде күнүгө француз тилинде «Mweti» (1977), «Journal de Brazzaville», «Courrier d`Afrique» жана башка гезиттер чыгат. Радио уктуруу 1935-жылдан, телекөрсөтүү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги – Agence Congolaise d`Information (ACI; 1962-жылдан).
Конго а д а б и я т ы 1950-жылдардан француз тилинде өнүгө баштаган. 1950–1970-жылдардын поэзиясы үчүн антиколониялык тематика мүнөздүү (Ж. Ф. Чикая У Тамси, «Бузук кан», 1955; Ж. Б. Тати-Лутара, «Жаңы күндөр», 1975) болсо, 1960-жылдарда баатырдык-тарыхый драма, комедия, 1970–1980-жылдарда проза (А. Лопес, Чикайы Кю Тамси, Сони Лабу Танси жана башкалар) өнүккөн. XX–XXI кылымдардын чегинде адабиятта агартуучулук идеологиянын кризиси байкалган. XIX кылымдын 2-жарымынан шаарларында, европалык типтеги имараттар курулууда. Заманбап искусствосунда Пото-Пото живопись мектебинин чыгармалары өзгөчөлөнөт. 1960-жылдары м у з ы к а с ы өнүгө баштаган. 1965-жылы Конго улуттук театры ачылып, 1966-жылы Браззавилде Улуттук конго балети түзүлгөн. Өлкөдө «Монана» балет театры (1992) жана «Bivelas» (1992) театралдык компаниясы, «Йаро» (1999) маданий борбору иштеп, 1996-жылдан Браззавилде «Мабина данс» бий фести­валы өткөрүлөт. Белгилүү театр ишмерлери: Сони Лабу Танси, А. Л. Бейкер, Э. Б. Донгала, Ж. Салладен, Н. Бисси, Ж. Нсангата жана башкалар.


Ад.: Виноградова Н. В. Республика Конго. Справочник. 2-е изд. М., 2007; Конго//Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.