КҮДӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮДӨРҮ – кой же эликтин терисинен май сиңирилип ийленген булгаары. К. башка булгаарыдан жумшактыгы, түктүүлүгү жана суу өткөрбөстүгү менен айырмаланат. К. түрдүү түскө оңой боёлот. Андан кийим, бут кийим, кол кап тигилет жана бензинден сууну бөлүп чыпкалоо, о. эле оптикалык айнекти жылмалоо ж. б. үчүн пайдаланылат. Ж а с а л м а К. кездеме бетине К-нүкүндөй түктөрдү резина менен чаптоо же желим сүйкөлгөн бетке майдаланган кебез буласын себелеп кургатуу жолу менен алынат.