КУУ ЖЕРЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУУ ЖЕРЛЕР – тоо этектериндеги же жапыз бөксө тоолуу аймактардагы (кээде орто бийик жана бийик тоолордо кездешет) кокту-колоттор, жарлар менен баш аламан тилмеленген, аң-дөңдүү, рельефи татаал жайдак жерлер. Кыртышы суу өткөрбөөчү чополуу, кумайлуу тектерден турган мындай жерлерге жаан-чачын нөшөрлөп жааганда, жердин үстүнкү бетин жууй берип, кокту-колот, жарларга айлантып жиберет. Мындай жерлерге чөп аз чыгат. Көбүнчө жарым чөлдүү жана тоо арасындагы каксоо жерлерде көп кездешет. Кырг-нда Ат-Башы, Ысык-Көл (батышы), Нарын (Байгөнчөк, Ак-Тал) ойдуңдарында, Фергана ойдуңунун өндүрлөрүндө кездешет. Мындай жерлер эл аралык ад-ттарда чап, бедленд деп аталат.