КУТТУУ-САЙ (КУТЕ-САЙ) II СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУТТУУ-САЙ (КУТЕ-САЙ) II СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Таза- Кемин тоо кыркасында, Куттуу-Сай суусунун оң жээгинде, Кемин шаарчасынан 43 км түн.-чыгышта, Ак-Түз шаарчасынын жанында, деңиз деңг. 2520 м бийикте. 1952–59-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Кен протерозойдун аягындагы жашыл түстүү сланецтердин жиреп өткөн пермь мезгилинин аягындагы шток сымал гранофир тулкусунда жайгашкан. Кенде сейрек учуроочу элементтердин 8 тиби бөлүнгөн: кварцхлориттүү, кварц-серициттүү кызгылт гранофир, кварц-мусковиттүү, биотиттүү роговик; брекчийленген сланецтер; селениттүү метасоматиттер, кварцталган тоо тектер. Булардын ичинен биринчи үч тиби сейрек учуроочу металлдар запасынын 80%ин берет. Кендин базасында 1958- жылдан бери Кыргыз тоо-металлургия комбинаты иштеп, 1990-ж. чейин СССРдин сейрек учуроочу металлдарга болгон муктаждыгын канааттандырып турган. 1996-жылдан Өкмөттүн чечими менен казып алуу иштери убактылуу токтотулган. Сейрек учуроочу металлдардын (церий жана иттрий топтору) кенташтагы өлчөмү 0,22–0,27%. Негизги минералдары: иттрий-син-хизит, иттрий-паризит, лопарит, монацит, поликраз, иттриалит, перовскит. Эксплуатация башталгандан тартып (1958–91-ж.), 5454,4 миң т кенташ казылып, 22109,5 т сейрек учуроочу металлдардын кычкылы бөлүнүп алынган. 1996-жылга карата калган кенташтын запасы В+С1 категориясы б-ча 16763 миң т, С – 4465 миң т , сейрек учуроочу металлдар кычкылынын запасы В+С1 – 44300 т, С2 – 7200 т. Танталдын өлчөмү 0,012%, болжолдуу ресурсу 2586 т.