КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ</b> – имараттарды же башка жайларды курганда же оңдогондо колдонулуучу табигый жана жасалма материалдар. | <b type='title'>КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ</b> – имараттарды же башка жайларды курганда же оңдогондо колдонулуучу табигый жана жасалма материалдар. Курулуш материалдары курамы жана сапаты боюнча табигый таш (талкаланган, кесилген, жылмаланган); бириктиргич борпоң материалдары (кум, шагыл); органикалык (битум, рубероид, толь, асфальт-бетон, аралашмалар жана башкалар); органикалык эмес жабышкак материалдар (гипс, акиташ, цемент жана башкалар); карапа материалдар (кыш, карапа ташы жана тактасы); жыгач (тактай, фанера); металлдар (болот прокаттар, арматуралар, имараттын каркастары, ѳткѳргуч тутуктѳр); жылуулук, суу жана ун ѳткѳрбѳѳчу материалдар жана башка болуп бѳлунѳт. Курулуш материалдары колдонулушу боюнча фундаментке (бетон, таш, темир-бетон), дубалга (кыш, бетон, карапа, блок, панель), имаратты жабууга (темир-бетон такталары жана панелдери, кѳңдѳй карапа, жыгач материалдары), полго (тактай, паркет, карапа такталары жана башкалар), чатырды жабууга (черепица, сланец, шифер, жука темир жана чоюн такта), жылуулук жана суу ѳткѳрбѳѳгѳ (минерал жана айнек кебездери, кѳбуктуу бетон жана айнек-жыгач була, кийиз, кебез, пергамин, сыр, лак, чопо, цемент жана башкалар), кооздоо жана жасалгалоого (гранит, акиташ, мрамор, карапа такталары, шыбак аралашмалары, линолеум, кооз кагаз) жана башка колдонулма материалдар болуп айырмаланат. Жалпысынан курулуш материалдарынын турлѳру абдан кѳп, алар бири биринен сапаты, курамы жана арналышы боюнча айырмаланат. | ||
[[Категория:4-том, 597-656 бб]] | [[Категория:4-том, 597-656 бб]] | ||
11:19, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ – имараттарды же башка жайларды курганда же оңдогондо колдонулуучу табигый жана жасалма материалдар. Курулуш материалдары курамы жана сапаты боюнча табигый таш (талкаланган, кесилген, жылмаланган); бириктиргич борпоң материалдары (кум, шагыл); органикалык (битум, рубероид, толь, асфальт-бетон, аралашмалар жана башкалар); органикалык эмес жабышкак материалдар (гипс, акиташ, цемент жана башкалар); карапа материалдар (кыш, карапа ташы жана тактасы); жыгач (тактай, фанера); металлдар (болот прокаттар, арматуралар, имараттын каркастары, ѳткѳргуч тутуктѳр); жылуулук, суу жана ун ѳткѳрбѳѳчу материалдар жана башка болуп бѳлунѳт. Курулуш материалдары колдонулушу боюнча фундаментке (бетон, таш, темир-бетон), дубалга (кыш, бетон, карапа, блок, панель), имаратты жабууга (темир-бетон такталары жана панелдери, кѳңдѳй карапа, жыгач материалдары), полго (тактай, паркет, карапа такталары жана башкалар), чатырды жабууга (черепица, сланец, шифер, жука темир жана чоюн такта), жылуулук жана суу ѳткѳрбѳѳгѳ (минерал жана айнек кебездери, кѳбуктуу бетон жана айнек-жыгач була, кийиз, кебез, пергамин, сыр, лак, чопо, цемент жана башкалар), кооздоо жана жасалгалоого (гранит, акиташ, мрамор, карапа такталары, шыбак аралашмалары, линолеум, кооз кагаз) жана башка колдонулма материалдар болуп айырмаланат. Жалпысынан курулуш материалдарынын турлѳру абдан кѳп, алар бири биринен сапаты, курамы жана арналышы боюнча айырмаланат.