КУРАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КУРАК</b> э т н о г р а ф и я д а – ар түрдүү түстөгү кездеме өөндөрүнөн кураштырылган буюм. К-тын бөлүктөрү кездеме (тукаба, баркыт ж. б.), кийиз жана тери кесиндилеринен жыйналып, үч бурчтук, чарчы, ромб, тилке түрүндө бычылып, ар кандай айкалышта (алгач ийне менен кездемени кыюу аркылуу) кураштырылып, <i>балыш</i>, жер төшөк, бешик жабуу, <i>туш кийиз, текче, күзгү</i>
<b type='title'>КУРАК</b> э т н о г р а ф и я д а – ар түрдүү түстөгү кездеме өөндөрүнөн кураштырылган буюм. Курактын бөлүктөрү кездеме (тукаба, баркыт жана башкалар), кийиз жана тери кесиндилеринен жыйналып, үч бурчтук, чарчы, ромб, тилке түрүндө бычылып, ар кандай айкалышта (алгач ийне менен кездемени кыюу аркылуу) кураштырылып, <i>балыш</i>, жер төшөк, бешик жабуу, <i>туш кийиз, текче, күзгү</i>


[[File:КУРАК42.png | thumb | none]]<i>к п, аяк к ап, туштук,</i> телевизор жапкыч, отургуч жапкыч, ал эми териден <i>көлдөлөң</i> сыяктуу үй буюмдары жасалат. Үч бурчтук түрү т у м а р же т у р н а, ал эми үч бурчтуктардын биринин учуна экинчисинин аягы жалгашып кеткен тизмеги т у р н а к а т а р деп аталган. К. түрлөрүнүн бото көз, бөрү көз, мүйүз, каттама, айырма, кунаба дегендери да бар. К-тын жердиги илата делет да, ак сүрп менен кара иластан болот. О. эле буюмдун «колтугу», «маңгызы» жана «көзү» са&shy;лынат. Булар элдик К-чылык көчөттөрү болуп саналат. К-ка ар кандай элести берген көчөттөр түшөт, «oмуртка», «ийрек», «жылдызча» көчөттөрү К. куроодо көбүрөөк пайдаланылат. Түш. Кырг-ндын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жаңы- Жол, Алай, Ноокат, Токтогул, Талас өрөөнүнүн Киров, Покровка жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында К-чылык өнөрүн бөтөнчө баалашат. Бул өнөр О. Азиядагы түрк элдеринде, о. эле тажиктерде да бар. Учурда К. элдик жасалга&shy;колдонмо өнөр буюмуна айланып, чебер кыз&shy;келиндер салттуу үй буюмдарын жаңыча жасоодо К-ты кеңири колдонууда.
[[File:КУРАК42.png | thumb | none]]<i>кап, аяк кап, туштук,</i> телевизор жапкыч, отургуч жапкыч, ал эми териден <i>көлдөлөң</i> сыяктуу үй буюмдары жасалат. Үч бурчтук түрү т у м а р же т у р н а, ал эми үч бурчтуктардын биринин учуна экинчисинин аягы жалгашып кеткен тизмеги т у р н а к а т а р деп аталган. Курак түрлөрүнүн бото көз, бөрү көз, мүйүз, каттама, айырма, кунаба дегендери да бар. Курактын жердиги илата делет да, ак сүрп менен кара иластан болот. Ошондой эле буюмдун «колтугу», «маңгызы» жана «көзү» са&shy;лынат. Булар элдик куракчылык көчөттөрү болуп саналат. Куракка ар кандай элести берген көчөттөр түшөт, «oмуртка», «ийрек», «жылдызча» көчөттөрү курак куроодо көбүрөөк пайдаланылат. Түштүк Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жаңы-Жол, Алай, Ноокат, Токтогул, Талас өрөөнүнүн Киров, Покровка жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында куракчылык өнөрүн бөтөнчө баалашат. Бул өнөр Орто Азиядагы түрк элдеринде, ошондой эле тажиктерде да бар. Учурда курак элдик жасалга&shy;колдонмо өнөр буюмуна айланып, чебер кыз&shy;-келиндер салттуу үй буюмдарын жаңыча жасоодо куракты кеңири колдонууда.
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]

10:18, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУРАК э т н о г р а ф и я д а – ар түрдүү түстөгү кездеме өөндөрүнөн кураштырылган буюм. Курактын бөлүктөрү кездеме (тукаба, баркыт жана башкалар), кийиз жана тери кесиндилеринен жыйналып, үч бурчтук, чарчы, ромб, тилке түрүндө бычылып, ар кандай айкалышта (алгач ийне менен кездемени кыюу аркылуу) кураштырылып, балыш, жер төшөк, бешик жабуу, туш кийиз, текче, күзгү

кап, аяк кап, туштук, телевизор жапкыч, отургуч жапкыч, ал эми териден көлдөлөң сыяктуу үй буюмдары жасалат. Үч бурчтук түрү т у м а р же т у р н а, ал эми үч бурчтуктардын биринин учуна экинчисинин аягы жалгашып кеткен тизмеги т у р н а к а т а р деп аталган. Курак түрлөрүнүн бото көз, бөрү көз, мүйүз, каттама, айырма, кунаба дегендери да бар. Курактын жердиги илата делет да, ак сүрп менен кара иластан болот. Ошондой эле буюмдун «колтугу», «маңгызы» жана «көзү» са­лынат. Булар элдик куракчылык көчөттөрү болуп саналат. Куракка ар кандай элести берген көчөттөр түшөт, «oмуртка», «ийрек», «жылдызча» көчөттөрү курак куроодо көбүрөөк пайдаланылат. Түштүк Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жаңы-Жол, Алай, Ноокат, Токтогул, Талас өрөөнүнүн Киров, Покровка жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында куракчылык өнөрүн бөтөнчө баалашат. Бул өнөр Орто Азиядагы түрк элдеринде, ошондой эле тажиктерде да бар. Учурда курак элдик жасалга­колдонмо өнөр буюмуна айланып, чебер кыз­-келиндер салттуу үй буюмдарын жаңыча жасоодо куракты кеңири колдонууда.