КУМУРСКАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КУМУРСКАЛАР</b> (Formicoidae) – курт-кумурскалардын жаргак канаттуулар түркүмүндөгү жалгыз чоң тукум. Курсагынын биринчи, кээде экинчи сегменти ичке белин түзөт. Көбүнүн сайгычы
<b type='title'>КУМУРСКАЛАР</b> (Formicoidae) – курт-кумурскалардын жаргак канаттуулар түркүмүндөгү жалгыз чоң тукуму. Курсагынын биринчи, кээде экинчи сегменти ичке белин түзөт. Көбүнүн сайгычы


[[File:КУМУРСКАЛАР33.png | thumb | none]]жана уулуу бездери бар, ал бөлүп чыгарган затта кумурска к-тасы болот. 10 миңге жакын түрү Антар&shy;ктида жана Түн. уюлдан башка жерде, айрыкча тропикте кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 350дөй, Кырг-нда 100дөй түрү бар. Алар бир нече он жана жүз миңден топ&shy;тошуп, татаал уюкта жа&shy;шайт. Уюкта канаттуу эркек жана ургаачыларынан башка жумуртка туучу бир же бир нече ургаачысы жана канатсыз жумушчу К. (жыныстык жактан жетилбеген ургаачылары) болот. Жумушчу К. аларды азыктандырат, уюкту тазалайт. Башка уюктун К-ын өзүнүкүнө жолотпойт. Эркеги ургаачысын уруктандыргандан кийин өлөт; ургаачылары канатын жоготуп, жаңы уюк түзүүгө кирет. К-дын кээ бир түрү бир нече бүлөдөн туруп, азыгын же особдорун алмашуучу, жалпы кароолу бар колония түзөт. Уюгун жерге, таш жана эски жыгач алдына курат. К. зыянкеч курт-кумурскалардын жумурткасы, личинкасы, өсүмдүк уругу, гүл ширеси ж. б. менен азыктанып, пайда келтиргендиктен, алардын уюгун коргоо керек.
[[File:КУМУРСКАЛАР33.png | thumb | none]]жана уулуу бездери бар, ал бөлүп чыгарган затта кумурска кислотасы болот. 10 миңге жакын түрү Антар&shy;ктида жана Түндүк  уюлдан башка жерде, айрыкча тропикте кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 350дөй, Кыргызстанда 100дөй түрү бар. Алар бир нече он жана жүз миңден топ&shy;тошуп, татаал уюкта жа&shy;шайт. Уюкта канаттуу эркек жана ургаачыларынан башка жумуртка туучу бир же бир нече ургаачысы жана канатсыз жумушчу кумурскалар  (жыныстык жактан жетилбеген ургаачылары) болот. Жумушчу кумурскаларды азыктандырат, уюкту тазалайт. Башка уюктун кумурскаларын өзүнүкүнө жолотпойт. Эркеги ургаачысын уруктандыргандан кийин өлөт; ургаачылары канатын жоготуп, жаңы уюк түзүүгө кирет. Кумурскалардын кээ бир түрү бир нече бүлөдөн туруп, азыгын же особдорун алмашуучу, жалпы кароолу бар колония түзөт. Уюгун жерге, таш жана эски жыгач алдына курат. Кумурскалар  зыянкеч курт-кумурскалардын жумурткасы, личинкасы, өсүмдүк уругу, гүл ширеси ж. б. менен азыктанып, пайда келтиргендиктен, алардын уюгун коргоо керек.
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]

09:36, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

КУМУРСКАЛАР (Formicoidae) – курт-кумурскалардын жаргак канаттуулар түркүмүндөгү жалгыз чоң тукуму. Курсагынын биринчи, кээде экинчи сегменти ичке белин түзөт. Көбүнүн сайгычы

жана уулуу бездери бар, ал бөлүп чыгарган затта кумурска кислотасы болот. 10 миңге жакын түрү Антар­ктида жана Түндүк уюлдан башка жерде, айрыкча тропикте кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 350дөй, Кыргызстанда 100дөй түрү бар. Алар бир нече он жана жүз миңден топ­тошуп, татаал уюкта жа­шайт. Уюкта канаттуу эркек жана ургаачыларынан башка жумуртка туучу бир же бир нече ургаачысы жана канатсыз жумушчу кумурскалар (жыныстык жактан жетилбеген ургаачылары) болот. Жумушчу кумурскаларды азыктандырат, уюкту тазалайт. Башка уюктун кумурскаларын өзүнүкүнө жолотпойт. Эркеги ургаачысын уруктандыргандан кийин өлөт; ургаачылары канатын жоготуп, жаңы уюк түзүүгө кирет. Кумурскалардын кээ бир түрү бир нече бүлөдөн туруп, азыгын же особдорун алмашуучу, жалпы кароолу бар колония түзөт. Уюгун жерге, таш жана эски жыгач алдына курат. Кумурскалар зыянкеч курт-кумурскалардын жумурткасы, личинкасы, өсүмдүк уругу, гүл ширеси ж. б. менен азыктанып, пайда келтиргендиктен, алардын уюгун коргоо керек.