КУМУРСКА КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУМУРСКА КИСЛОТАСЫ</b> | <b type='title'>КУМУРСКА КИСЛОТАСЫ</b> НСООН – эң жөнөкөй, бир негиздүү карбон кислотасы, молекулалык салмагы 46,03; кескин жыттуу түссүз суюктук; эрүү t 8,25°С; кайноо t 100,7<sup>о</sup>С. Кумурска кислотасынын аба менен болгон аралашмасы (1:6 жана 1:2) жарылуу коркунучун туудурат. Суу, диэтил эфири, этанол менен бардык катышта аралашат. Бензолдо ченемдүү эрийт. Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. Кумурска кислотасынын калдыгын формил, анын туздары формиаттар деп аталат. Кумурска кислотаыс – күчтүү щелочь, тамчысы териге тийсе жаралантат. Табиятта кеңири таралган, карагайдын жана чалкандын курамында, кумурсканын жана аарынын уюгунда кездешет. Бул кислота биринчи жолу ку­мурска бөлүп чыгарган суюктуктан алынган. Карбоксил тобу углеводороддук радикал менен эмес, суутек атому менен байланышкан үчүн башка кислоталардан айырмаланат. Бир жагынан али­фаттык кислоталардан күчтүрөөк, экинчи жагынан, альдегиддерге мүнөздүү калыбына келтиргич касиеттерге ээ. Метанды катализдик окистендирүү менен, ошондой эле көмүртектин кычкылынан жана суудан түз синтездеп алуу жолдору белгилүү: СО + Н<sub>2</sub>О –НСООН. Кумурска кислотасы кездеме боёодо, табигый каучук алууда, коагуляциялоочу каражат катары медицинада (кумурска спирти) колдонулат. | ||
[[Категория:4-том, 597-656 бб]] | [[Категория:4-том, 597-656 бб]] | ||
09:31, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КУМУРСКА КИСЛОТАСЫ НСООН – эң жөнөкөй, бир негиздүү карбон кислотасы, молекулалык салмагы 46,03; кескин жыттуу түссүз суюктук; эрүү t 8,25°С; кайноо t 100,7оС. Кумурска кислотасынын аба менен болгон аралашмасы (1:6 жана 1:2) жарылуу коркунучун туудурат. Суу, диэтил эфири, этанол менен бардык катышта аралашат. Бензолдо ченемдүү эрийт. Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. Кумурска кислотасынын калдыгын формил, анын туздары формиаттар деп аталат. Кумурска кислотаыс – күчтүү щелочь, тамчысы териге тийсе жаралантат. Табиятта кеңири таралган, карагайдын жана чалкандын курамында, кумурсканын жана аарынын уюгунда кездешет. Бул кислота биринчи жолу кумурска бөлүп чыгарган суюктуктан алынган. Карбоксил тобу углеводороддук радикал менен эмес, суутек атому менен байланышкан үчүн башка кислоталардан айырмаланат. Бир жагынан алифаттык кислоталардан күчтүрөөк, экинчи жагынан, альдегиддерге мүнөздүү калыбына келтиргич касиеттерге ээ. Метанды катализдик окистендирүү менен, ошондой эле көмүртектин кычкылынан жана суудан түз синтездеп алуу жолдору белгилүү: СО + Н2О –НСООН. Кумурска кислотасы кездеме боёодо, табигый каучук алууда, коагуляциялоочу каражат катары медицинада (кумурска спирти) колдонулат.