КУМ-ТӨР АЛТЫН КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУМ-ТӨР АЛТЫН КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нунда, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түш.-батыш капталында, Кум-Төр суусунун башталышында, деңиз деңг. 3900–4150 м бийикте, Бишкектен 350 км алыстыкта жайгашкан. Кырг-ндагы эң ири алтын кени. 1978-ж. табылган. 1980–90-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы бекитилген. Кен аймагы жаракалар менен биринин үстүнө бири

жылмышкан рифейде пайда болгон аркоздук кумдук жана венддеги тиллоид, филлит, көмүрлүү сланец, алевролит, кумдук, кембрий-ордовиктеги акиташ, лидит, карбондогу кумдук, алевролит, гравелит сыяктуу тектердин катмарларынан түзүлгөн. Карбондогу флишти венддин жашыл сланецтеринен бөлүп турган тектон. жарака кумтөр жаракасы деп аталат. Кен ушул жараканын жогорку капталы менен анын аябай талкаланган аймагында жайгашкан. Кенташ венддин жашыл жана көмүрлүү сланецтерине туура келет. Сланецтердин түн.-чыгыш багытындагы жаракалар менен кесилген, аймактары талкаланган, пириттешкен, талаа шпатташкан, карбонатташкан. Түн.-чыгыш багытындагы жаракалардын меридиан жана кеңдик багыты б-ча кесилишкен жеринде кенташтын көп топтолгону байкалган. Кенташтуу аймак штокверк зонасын түзөт. Анын калыңдыгы 100–320 м, уз. 1200 м. Алтын сульфиддер менен байланышкан. Негизги минералдары: пирит, гематит, шеелит, магнетит, ильменит. Алтындан башка күмүш, вольфрам, молибден бар. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 4,4 г/т. Алтын запасы 716,909 т, күмүштүкү 273 т. Кен 1996- жылдын аягынан баштап Кум-Төр оперейтинг компаниясы тарабынан казып алынууда.
Компания тарабынан геол. иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында бул жердин борб. Бөлүгүнөн алтынга бай дагы бир штокверк зонасы табылган жана кендин батыш тарабындагы мурдатан белгилүү «Түштүк-Батыш»,«Сары-Төр» аянттарында да алтынды казып алуу мүмкүндүгү аныкталган.
К. Осмонбетов.