КУЛДАМА СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУЛДАМА СЫМАП КЕНИ Ош обл-нун Чоң Алай р-нунда, Карамык кыш-нын түш. тарабында, Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү Көк-Суунун алабында, деңиз деңг. 3300–3600 м бийикте. 1957-ж. табылып, 1958–62-ж. жана 1984–87-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын девон мезгилиндеги акиташ теги менен кумдук-сланецтүү чөкмө-эффузивдүү катмарлар түзөт. Аларды диабаз дайкалары, гранит-дио­рит массиви, диорит-порфир, кварцтуу порфир тарамдары жиреп чыккан. Катмарлар түн.-батыш тарапка жантайып (60–70°), тектон. жаракалар менен чыгыштан батышка карай төмөндөп кетүүчү үч тектирче тилкеге бөлүнөт. Кен ортоң­ку тилкедеги акиташ теги менен анын үстүндөгү терриген чөкмөлөрү кошулган жерге топтолгон. Кенташ негизинен киновардан турат да, кварц­карбонат материалдары менен камдашкан акиташ­сланец брекчияларынын линза түрүндөгү кабатчаларында жайгашкан. Кенде 4 кенташ кабатчасы белгилүү. Киноварь цементтин курамында сейрек, чачыранды жана майда бүртүкчө түрүндө кезигет. Кээде антимонит, өтө аз санда пирит, халькопирит, гематит учурайт. Кенташтагы киновардын өлчөмү 0,01–3,0%. Сымаптын орт. өлчөмү 0,09%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 565 миң т, сымап – 531 т, сурьма – 11018 т.