КУК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУК Жеймс (27. 10. 1728, Улуу Британия Йоркшир графтыгы, Мартон, – 14. 2. 1779, Гавайи а.) – англис деңиз саякатчысы. Жер шарын айланып

чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11 архипелагды жана 27 аралды ачкан. Канададагы, Жаңы Зеландиядагы деңиз өткөөлдөрүн жана ал ар дын жээктерин (1759, 1763–67), Австралиянын чыгыш жээгин жана Жаңы Гвинеянын бир бөлүгүн картага түшүргөн (1768–71). Б и р и н ч и э к с п е д и ц и я с ы н д а (1768–71) Жаңы Зеландия 2 аралдан (Түш. жана Түн.) тургандыгын далилдеген. Аларды бөлүп турган кысыкты, Австралиянын чыгыш жээгин, Чоң Тоскоол рифин изилдеп, э к и н ч и э к с п е д и ц и я с ы н д а (1772–75) Түш. жарым шардагы мелүүн алкактарда кургактыктын ири массивдери жок экендигин аныктап, Жаңы Гебрид а-нын түш. тобун, Жаңы Каледонияны, Норфолк а-н, Туамоту архипелагынын 2 атоллун, Коом, Кук а-нын түш. бөлүгүн картага түшүргөн. Азия менен Американын ортосунда кысык бар экенин толугу менен далилдеген. 1773-ж. тарыхта 1-болуп Түш. уюлдук тегеректи кесип өтүп, 71°10' түш. кеңдикке жеткен. К. Уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Ү ч ү н ч ү э к с п е д и ц и я с ы н д а (1776–79) Гавайи а-на жетип, Американын түн.-батыш жээгин изилдеген. К. Гавайи а-ндагы жерг. калк менен болгон кагылышта курман болгон. Жаңы Зеландиянын Түш. а-ндагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу (Кук архипелагы), Жаңы Зеландиядагы Түш. жана Түн. а-н бөлүп турган кысык, Алясканын жээгиндеги булуң К-тун ысмынан аталган.
Эмг.: Первое кругосветное плавание. Плавание на «Индевре» в 1768–1771 гг., М., 1960; Второе кругосветное плавание. Плавание к Южному полюсу и вокруг света в 1772–1775 гг., М., 1964; Третье плавание. Плавание в Тихом океане в 1776–1780 гг., М., 1971.
Ад.: Свет Я. М. История открытия и исследования
Австралии и Океании. М., 1966; он же. Д. Кук. М., 1979: Оксфордская иллюстрированная энциклопедия. Т. 1. Физический мир. М., 2000; Новейший энциклопедический словарь. М., 2006.