ЖЕТИ-ШААР (географиялык аймак): нускалардын айырмасы
(Created page with "'''ЖЕТИ-ШААР''' – Чыгыш Түркстандагы тарыхый аймак. Ири соода борборуна айланган шаарлардын аталышына негизделип айтылып калган. Алгач 1768–1769-жылдары жазылган Мухаммад Садык Кашкаринин (1730–1820) «Тазкира-ий азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген эмгегинде «...") |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. Соч. в пяти томах. Т. 2 . А.-А., 1985 | Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. Соч. в пяти томах. Т. 2 . А.-А., 1985 | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
02:39, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-ШААР – Чыгыш Түркстандагы тарыхый аймак. Ири соода борборуна айланган шаарлардын аталышына негизделип айтылып калган. Алгач 1768–1769-жылдары жазылган Мухаммад Садык Кашкаринин (1730–1820) «Тазкира-ий азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген эмгегинде «Төрт шаар» («түрт шэхэр») түрүндө кезигип, Моголстан мамлекетинин тушунда «Манглай Субе» деп аталган. 16–17-кылымдарда Жуңгар хандарына (кара: Жуңгар хандыгы) көз каранды болуп, 18-кылымдын экинчи жарымынан Цин империясынын карамагына өткөн. Ч. Валиханов Жети-Шаарга 1) Комул, 2) Турпан, 3) Карашаар, 4) Куча, 5) Уч (Уш, Үч-Турпан), 6) Жаркент (Йаркенд), 7) Кашкарды киргизген. Тарыхый маалыматтарда байыркы замандан тарта бул шаарлардын айланасын көчмөн кыргыздардын оң-сол уруулары мекендеп, аталган аймактагы коомдук-саясий, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө зор таасир тийгизип келишкен. 1860-жылдардагы Цин империясына ((1644–1912)) каршы диний көтөрүлүштөрдүн натыйжасында көз карандысыз Жети-Шаар мамлекети түзүлгөн (18644–1877).
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. Соч. в пяти томах. Т. 2 . А.-А., 1985