КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Какшаал кырка тоосу­нда): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:13, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоосу­нун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун сол куймасы. Мүдүрүмдүн ала­бында, Болгонду ж-а Жырганакты мөңгүлөрү­нүн аралыгында жайгашкан. Узундугу 5,2 км, аянты 6,7 км2, абляцияcынын аянты 2,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4920 м, этеги 3980 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4260 м. Мөңгүдөн агып чыккан өзөн Мүдүрүмдүн сол куймасы –Кең-Төргө сол тараптан куят.