«КЫЗ ДАРЫЙКА»: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЫЗ ДАРЫЙКА»</b> – элдик поэма. Поэмада Самаркандда Катыраң деген падышанын жалгыз кызы Дарыйка чечкиндүү, акылдуу, сулуу, бал­бан болуп, элин коргогон баатырдыгы сүрөт­төлөт. Ал элин сырткы | <b type='title'>«КЫЗ ДАРЫЙКА»</b> – элдик поэма. Поэмада Самаркандда Катыраң деген падышанын жалгыз кызы Дарыйка чечкиндүү, акылдуу, сулуу, бал­бан болуп, элин коргогон баатырдыгы сүрөт­төлөт. Ал элин сырткы жана ички душмандардан коргоп турат. Бойго жеткенде жар издеп, өзү күрөштө өзүн билгизип, жеңген жигит­ке турмушка чыгуу шартын жер жүзүнө жар салат. Ал аңыз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетет. Эчендеген балбан жигиттер келип, жеңилүү ызасын тартышат. Акыры ал кабарды Меке, Мединаны жердеген азирети Аалы угуп, аны менен күрөшүүгө кумарланат да, кайын атасы Мухамеддин уруксаты менен Са­маркандга келет. Дарыйка менен 15 күн, 15 түн күрөшүп, күрөш майданында кара күч сынашуу менен гана эмес, бетме-бет сүйлөшүп, сырдашып, бири-биринин купулуна толуп, ички сезимде­рин билдирүүгө да жетишет. Акыры Аалы өзү­нүн кара күчү, «алла тааладан» болгон жардам менен кызды жеңет. Шарт боюнча алар үйлөнүп, 6 ай өткөндөн кийин Аалы түш көрүп, түшүндө Мухаммед пайгамбар аян берет. Балдары жана аялы Фатима аны күтүп, сагынып жүргөндөрүн билет. Аалы Дарыйка менен коштошуп, эли-жерине кетет. Дарыйка уул төрөп, атасынын айтып кеткени боюнча атын Шайызында коёт. Ал жаштайынан эле ашкан баатыр чыгат. Кийин атасы Аалы экенин билип, аны издеп жөнөйт да Ме­кеге келип, күрөш болуп жаткан майданга туш келет. Алар менен күрөшүп, баарын жеңет. Алар бир туугандары, атасы экенин билгенден кийин, атасы менен агаларына колу тийгенине уялган­дан качып жөнөйт да, жердин жаракасына ки­рип кетет. Поэма түрк элдеринин бардыгында айтылып, орток чыгармага айланган. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын онго жакын варианты (К. Орозов, М. Канкелдиев, К. Жантаев, Ж. Сокубашев, К. Алиманов, К. Му­кашева, К. Салибаев, О. Нургазиев, М. Зулпиев) сакталып турат. Адабиятчы Г. Орозова бардык варианттарды бири-бирине салыштырып, изилдөө жүргүзгөн. «Эл адабияты» сериясынын 11-томуна (2002) көркөмдүгү жогору, тили так, баян­доо ыкмасы ырааттуу, чыгыш, түрк элдеринин баатыр кыздары жөнүндө эпикалык деңгээлге кө­төрүлгөн чыгармалар катары комузчу К. Орозовдун жана таластык К. Алимановдун айтуусундагы эки варианты кирген. Мындан сырткары 1966-жылы О. Нургазиевдин айтуусунда «Азретали менен кыз Дарыйканын күрөшү» деген ат менен китепче жарык көргөн. Бул поэма казак, кара калпак, кыргыз жана башка түрк элдеринин фолькло­рунда кездешет. Бардык тилдеги варианттар би­ри-бири менен үндөшүп, ушул элдердин орток чы­гармасы экенин айгинелеп турат. | ||
05:32, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫЗ ДАРЫЙКА» – элдик поэма. Поэмада Самаркандда Катыраң деген падышанын жалгыз кызы Дарыйка чечкиндүү, акылдуу, сулуу, балбан болуп, элин коргогон баатырдыгы сүрөттөлөт. Ал элин сырткы жана ички душмандардан коргоп турат. Бойго жеткенде жар издеп, өзү күрөштө өзүн билгизип, жеңген жигитке турмушка чыгуу шартын жер жүзүнө жар салат. Ал аңыз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетет. Эчендеген балбан жигиттер келип, жеңилүү ызасын тартышат. Акыры ал кабарды Меке, Мединаны жердеген азирети Аалы угуп, аны менен күрөшүүгө кумарланат да, кайын атасы Мухамеддин уруксаты менен Самаркандга келет. Дарыйка менен 15 күн, 15 түн күрөшүп, күрөш майданында кара күч сынашуу менен гана эмес, бетме-бет сүйлөшүп, сырдашып, бири-биринин купулуна толуп, ички сезимдерин билдирүүгө да жетишет. Акыры Аалы өзүнүн кара күчү, «алла тааладан» болгон жардам менен кызды жеңет. Шарт боюнча алар үйлөнүп, 6 ай өткөндөн кийин Аалы түш көрүп, түшүндө Мухаммед пайгамбар аян берет. Балдары жана аялы Фатима аны күтүп, сагынып жүргөндөрүн билет. Аалы Дарыйка менен коштошуп, эли-жерине кетет. Дарыйка уул төрөп, атасынын айтып кеткени боюнча атын Шайызында коёт. Ал жаштайынан эле ашкан баатыр чыгат. Кийин атасы Аалы экенин билип, аны издеп жөнөйт да Мекеге келип, күрөш болуп жаткан майданга туш келет. Алар менен күрөшүп, баарын жеңет. Алар бир туугандары, атасы экенин билгенден кийин, атасы менен агаларына колу тийгенине уялгандан качып жөнөйт да, жердин жаракасына кирип кетет. Поэма түрк элдеринин бардыгында айтылып, орток чыгармага айланган. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын онго жакын варианты (К. Орозов, М. Канкелдиев, К. Жантаев, Ж. Сокубашев, К. Алиманов, К. Мукашева, К. Салибаев, О. Нургазиев, М. Зулпиев) сакталып турат. Адабиятчы Г. Орозова бардык варианттарды бири-бирине салыштырып, изилдөө жүргүзгөн. «Эл адабияты» сериясынын 11-томуна (2002) көркөмдүгү жогору, тили так, баяндоо ыкмасы ырааттуу, чыгыш, түрк элдеринин баатыр кыздары жөнүндө эпикалык деңгээлге көтөрүлгөн чыгармалар катары комузчу К. Орозовдун жана таластык К. Алимановдун айтуусундагы эки варианты кирген. Мындан сырткары 1966-жылы О. Нургазиевдин айтуусунда «Азретали менен кыз Дарыйканын күрөшү» деген ат менен китепче жарык көргөн. Бул поэма казак, кара калпак, кыргыз жана башка түрк элдеринин фольклорунда кездешет. Бардык тилдеги варианттар бири-бири менен үндөшүп, ушул элдердин орток чыгармасы экенин айгинелеп турат.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. 1-том. Б., 2004.
Ы. Кадыров.