КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ</b> – элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими | <b type='title'>КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ</b> – элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчө­лүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жаг­дайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага бай­ланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топто­рунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коң­шулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Байыркы кыргыздардын кийимдери жөнүндө алгачкы маалыматтар Тан династиясынын дооруна таандык кытай булактарында кездешет. «Тан-Шунун» династиялык жазмалары жана XVIII–XIX кылымдардагы тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз төбөлдөрү кышкысын кундуз тебетей, жайкы­сын алтын алкагы бар, шоңшогой төбөлүү жана жээги кайрылган кийиз калпак, парча, жибек, баркыт, манат, кымкап жана ноотудан тигилген | ||
«Тан-Шунун» династиялык жазмалары | сырт кийим, бутуна кызыл жеке өтүк кийип, белдерине жибек жоолук курчанган. Кедейлер кылчык жүндөн токулган кездемеден, жаргак­тан, таардан, арзан матадан тигилген кийим­дерди кийип, белдерин боз кендир жоолук менен курчанышкан. Калпактары шөкөттөлбөгөн, буттарына соору өтүк кийишкен. Кыргыздар Кавказ, Түштүк Сибирь, Алтай, Орто Азия, Казак­стан жана башка аймактардагы элдер менен мамилелеш болсо да, Кыргыз у.луттук кийимдери айкын этностук бөтөнчөлүккө ээ болгон. Кыргыз у.луттук кийимдеринин материалдык негизин тери, жүн, тыбыт жана сатып алынган түрдүү кез­демелер түзгөн. Айбанат терилеринен жылуу кийимдерди (<i>ичик, тон, тебетей,</i> тумак), кай­берен терилеринен жортуулга кийилүүчү кийимдерди (<i>кандагай, жаргак шым, чалбар</i> жана башкалар) ти­гишкен. Аялдар согуу жолу менен (өрмөктө) бы­шык кездемелерди токушкан, ал эми өсүмдүктүн буласынан токулган кездемелерди коңшу элдер­ден сатып алып же алмашып турушкан. XIX к­ылымдын 2-жарымында кийимдерди (бешмант, кем­селдердин өңүрү, кеп такыялардын жаактары, белдемчи жана башкалар) сайма менен кооздошкон.<br>Кыргыз у.луттук кийимдери негизинен жынысына (аялдыкы, эр­кектики), жаш курагына (наристелердики, бал­дардыкы, кыздыкы, уулдуку) жана арналышы боюнча майрамдык, үйдө, үйлөнүү тоюнда, аза күтүүдө, аңчылык кийимдерине, жыл маалына (кышкы, жайкы) жараша бөлүнгөн. Аялдын кийимдери узун жана кенен тигилген көйнөк­төрдөн (к. <i>Көйнөк</i>), багалектери көйнөктүн эте­гинен көрүнгөндөй кызыл ашыкка чейин узун тигилип, бели ычкыр менен байланган ыштан-дам­балдардан (түштүк тарапта дамбалдын багалеги бүйүрүлүп, оймо түшүрүлгөн жээк менен бастырыл­ган), белден ылдый кийчү белдемчиден (к. <i>Белдемчи</i>) турган. XX кылымдын 1-жарымында аялдар­дын сырткы кийимдери <i>чапан</i> болгон. Ал эркектердин чапанына окшош бычылып тигилген, | ||
сырт кийим, бутуна кызыл жеке өтүк кийип, белдерине жибек жоолук курчанган. Кедейлер кылчык жүндөн токулган кездемеден, жаргак­тан, таардан, арзан матадан тигилген кийим­дерди кийип, белдерин боз кендир жоолук | |||
[[File:КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ70.png | thumb | Кыргыздардын | [[File:КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ70.png | thumb | Кыргыздардын XIX кылымдын аягындагы кийимдери.]] | ||
[[File:КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ71.png | thumb | Кыргыздардын | [[File:КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ71.png | thumb | Кыргыздардын XIX кылымдын аягындагы кийимдери. 'КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ.|left]] | ||
[[File:КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ73.png | thumb | Заманбап кыргыз кийимдери.]]боору ачык, жакасы кайырма­луу келген. Келин-кыздардын, балдардын чапандары | [[File:КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ73.png | thumb | Заманбап кыргыз кийимдери.|center]]боору ачык, жакасы кайырма­луу келген. Келин-кыздардын, балдардын чапандары жарымы жибек, жарымы жүн аралаш жал­тырак кездеме­лерден жасалган. XIX кылымдын 2-жарымында денеге кыналып тигилген <i>бешмант, кемсел</i> (жеңсиз), <i>чыптама,</i> пальто сымал чапан өңдөнгөн Кыргыз у.луттук кийимдери көбүрөөк колдонула баштаган. Кыздар үкүлүү топу жана тебетей, кош этек көйнөк, кемсел, өкчөлүү өтүк кийип, кооздук­тарды | ||
көйнөк, кемсел, өкчөлүү өтүк кийип, кооздук­тарды (чачына <i>аркалык,</i> көкүрөгүнө <i>ала тамак, төөнөгүч</i>, моюнуна <i>мончок, шуру</i>) тагынышкан. Аялдардын баш кийимдери (<i>шөкүлө, элечек, кеп такыя</i> же <i>чач кеп,</i> жибек | (чачына <i>аркалык,</i> көкүрөгүнө <i>ала тамак, төөнөгүч</i>, моюнуна <i>мончок, шуру</i>) тагынышкан. Аялдардын баш кийимдери (<i>шөкүлө, элечек, кеп такыя</i> же <i>чач кеп,</i> жибек жана дүрүя жоолук жана башкалар) жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык аба­лына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чий­мелер (кеште, сайма) менен көркөмдөлгөн. Кыр­гыз аялдары колдо ултарылган же булгаары өтүк, улгайып калгандары маасы, такалуу тигилген кепич кийишкен. Аялдардын кийим-кечесинин маанилүү бөлүктөрүнүн бири – кооздуктар (<i>чач учтук, чолпу, сөйкө-желбирөөч, сырга, шакек, билерик, бой тумар, төөнөч</i> жана башкалар) бол­гон. Кооздуктарды аялдар дайыма тагынып жүрүшкөндүктөн, кийимдин ажырагыс бүтүндү­гүн түзгөн. Эркектердин кийимдери негизинен <i>көйнөк</i> (жегде), ычкырлуу шалбар (жайкысын дамбал), чалбар, кандагай шым, <i>чепкен, тон, ичик, чапан, кементай,</i> кулун тон, <i>бешмант, кемсел, тебетей,</i> телпек (түш. тарапта), <i>ак кал­пак, малакай,</i> тумак, <i>топу, өтүк, маасы, кепич, чокой, чарык, кур</i> жана башка кошумча жасалгалар­дан турган. Кыргыз элинин адаты боюнча айып тартууда, ошондой эле кийит кийгизүүдө, тартуу кы­лууда кийим-кечектер өзгөчө орунду ээлеген. Кыргыздарда кийим-кечеге кастарлоо менен мамиле кылышат. Турмуштан көзү өткөн ата­-эненин, бабалардын айрым кийимдери ыйык туткан эстелик катары балдарына, неберелерине берилген. Кыргыздардын салттуу турму­шунда кийимге карата бир катар эрежелер (ки­йимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, баштан чечип, белекке берүүгө жана сырткы кийимди желбегей жамынууга жаштарга жол берилген эмес жана башкалар) сакталган. XX кылымдын 20-жылдарынан кийин кийим тигүүнүн жаңы технологиялары өздөштүрүлүп, европалык форма менен улуттук элементтердин айкалышы­нан кыргыз у.луттук кийимдеринде чоң өзгөрүүлөр болду. Учурда кыргыз элинин салттуу заманбап кийимдеринин түрлөрү көбөйүүдө. | ||
<p align='right'><i type='author'>А. Көчкүнов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>А. Көчкүнов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
04:38, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ – элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топторунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Байыркы кыргыздардын кийимдери жөнүндө алгачкы маалыматтар Тан династиясынын дооруна таандык кытай булактарында кездешет. «Тан-Шунун» династиялык жазмалары жана XVIII–XIX кылымдардагы тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз төбөлдөрү кышкысын кундуз тебетей, жайкысын алтын алкагы бар, шоңшогой төбөлүү жана жээги кайрылган кийиз калпак, парча, жибек, баркыт, манат, кымкап жана ноотудан тигилген
сырт кийим, бутуна кызыл жеке өтүк кийип, белдерине жибек жоолук курчанган. Кедейлер кылчык жүндөн токулган кездемеден, жаргактан, таардан, арзан матадан тигилген кийимдерди кийип, белдерин боз кендир жоолук менен курчанышкан. Калпактары шөкөттөлбөгөн, буттарына соору өтүк кийишкен. Кыргыздар Кавказ, Түштүк Сибирь, Алтай, Орто Азия, Казакстан жана башка аймактардагы элдер менен мамилелеш болсо да, Кыргыз у.луттук кийимдери айкын этностук бөтөнчөлүккө ээ болгон. Кыргыз у.луттук кийимдеринин материалдык негизин тери, жүн, тыбыт жана сатып алынган түрдүү кездемелер түзгөн. Айбанат терилеринен жылуу кийимдерди (ичик, тон, тебетей, тумак), кайберен терилеринен жортуулга кийилүүчү кийимдерди (кандагай, жаргак шым, чалбар жана башкалар) тигишкен. Аялдар согуу жолу менен (өрмөктө) бышык кездемелерди токушкан, ал эми өсүмдүктүн буласынан токулган кездемелерди коңшу элдерден сатып алып же алмашып турушкан. XIX кылымдын 2-жарымында кийимдерди (бешмант, кемселдердин өңүрү, кеп такыялардын жаактары, белдемчи жана башкалар) сайма менен кооздошкон.
Кыргыз у.луттук кийимдери негизинен жынысына (аялдыкы, эркектики), жаш курагына (наристелердики, балдардыкы, кыздыкы, уулдуку) жана арналышы боюнча майрамдык, үйдө, үйлөнүү тоюнда, аза күтүүдө, аңчылык кийимдерине, жыл маалына (кышкы, жайкы) жараша бөлүнгөн. Аялдын кийимдери узун жана кенен тигилген көйнөктөрдөн (к. Көйнөк), багалектери көйнөктүн этегинен көрүнгөндөй кызыл ашыкка чейин узун тигилип, бели ычкыр менен байланган ыштан-дамбалдардан (түштүк тарапта дамбалдын багалеги бүйүрүлүп, оймо түшүрүлгөн жээк менен бастырылган), белден ылдый кийчү белдемчиден (к. Белдемчи) турган. XX кылымдын 1-жарымында аялдардын сырткы кийимдери чапан болгон. Ал эркектердин чапанына окшош бычылып тигилген,



боору ачык, жакасы кайырмалуу келген. Келин-кыздардын, балдардын чапандары жарымы жибек, жарымы жүн аралаш жалтырак кездемелерден жасалган. XIX кылымдын 2-жарымында денеге кыналып тигилген бешмант, кемсел (жеңсиз), чыптама, пальто сымал чапан өңдөнгөн Кыргыз у.луттук кийимдери көбүрөөк колдонула баштаган. Кыздар үкүлүү топу жана тебетей, кош этек көйнөк, кемсел, өкчөлүү өтүк кийип, кооздуктарды
(чачына аркалык, көкүрөгүнө ала тамак, төөнөгүч, моюнуна мончок, шуру) тагынышкан. Аялдардын баш кийимдери (шөкүлө, элечек, кеп такыя же чач кеп, жибек жана дүрүя жоолук жана башкалар) жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер (кеште, сайма) менен көркөмдөлгөн. Кыргыз аялдары колдо ултарылган же булгаары өтүк, улгайып калгандары маасы, такалуу тигилген кепич кийишкен. Аялдардын кийим-кечесинин маанилүү бөлүктөрүнүн бири – кооздуктар (чач учтук, чолпу, сөйкө-желбирөөч, сырга, шакек, билерик, бой тумар, төөнөч жана башкалар) болгон. Кооздуктарды аялдар дайыма тагынып жүрүшкөндүктөн, кийимдин ажырагыс бүтүндүгүн түзгөн. Эркектердин кийимдери негизинен көйнөк (жегде), ычкырлуу шалбар (жайкысын дамбал), чалбар, кандагай шым, чепкен, тон, ичик, чапан, кементай, кулун тон, бешмант, кемсел, тебетей, телпек (түш. тарапта), ак калпак, малакай, тумак, топу, өтүк, маасы, кепич, чокой, чарык, кур жана башка кошумча жасалгалардан турган. Кыргыз элинин адаты боюнча айып тартууда, ошондой эле кийит кийгизүүдө, тартуу кылууда кийим-кечектер өзгөчө орунду ээлеген. Кыргыздарда кийим-кечеге кастарлоо менен мамиле кылышат. Турмуштан көзү өткөн ата-эненин, бабалардын айрым кийимдери ыйык туткан эстелик катары балдарына, неберелерине берилген. Кыргыздардын салттуу турмушунда кийимге карата бир катар эрежелер (кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, баштан чечип, белекке берүүгө жана сырткы кийимди желбегей жамынууга жаштарга жол берилген эмес жана башкалар) сакталган. XX кылымдын 20-жылдарынан кийин кийим тигүүнүн жаңы технологиялары өздөштүрүлүп, европалык форма менен улуттук элементтердин айкалышынан кыргыз у.луттук кийимдеринде чоң өзгөрүүлөр болду. Учурда кыргыз элинин салттуу заманбап кийимдеринин түрлөрү көбөйүүдө.
А. Көчкүнов.