КЫРГЫЗДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗДАР – эл, КРдин негизги калкы; Борб. Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Жалпы саны 4 млн киши (2008), а. и. 3 674 395и КРде (2009). Казакстанда 40 000 (2009), Өзбекстандын түн.-чыгышында 600 миң (2009), Тажикстанда (Тоолуу-Бадахшан АО) 81 миң (2006), Россияда

31 808 (2002), Кытайдын түндүгүндө (негизинен Кызыл-Суу АО, Синьцзян-Уйгур автономиялык району ж-а Ички Моңголиядагы Хэйлунцзян провинциялары) 200 миң (1995), Афганстандын түн.-чыгышында (Чоң ж-а Кичи Памир, Гиндукуш ж-а Бадахшан провинциясы) 10 миң (2009), о. эле Пакистандын түн.-батышында, Түркияда (Адана, Анкара, Ван, Малатья вилайети) да жашашат. Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт. Антроп. жактан моңгол расасынын Түш. Сибирь бөлүгүнө кирет. Дини – мусулман-сунниттер. Окумуштуулар лингв. ж-а ономастикалык методдорго таянуу м-н «кыргыз» этнонимин ил. негизде чечмелеп, ар кыл бөлүктөргө ажыратып түшүндүрүүгө аракет жасашкан. Анын айрым

варианттары: «кырк-гуз» («кырыг-огуз») = «кызыл огуздар» (Н. А. Баскаков); «кыргу(з)» =
«кызыл» (К. И. Петров); «кыр [кыз(ыл)] – гыз»,
б. а. «кызыл жүздүү гыз» (А. Н. Кононов) деп эсептешсе, Ю. А. Зуев «karkasa» (индииран тили), «kahrkasa» (авеста тили), «kargas» (пехлеви же о. кылымдагы фарсы тили), «karges» (памир-иран тили), «carkas» (согду тили) аркылуу «cirgus» (осетин тилинде «бүркүт») м-н байланыштырган. Синолог П. Пельонун (Pelliot) пикири б-ча кытай транскрипциясы моңгол тилиндеги «киркун» (алгачкы формасы «Kien-k–un», жеке түрүндө «Qirqun») аркылуу кабыл алынып, көптүк түрдө «киркизга» («Qirqis») айланган. В. Минорский түрктөрдүн «40» санына салыштырып, көптүк түрү «киркиз» («Qirq- is») экенин көрсөткөн. Кыргыз этноними алгач кытай тарыхчысы Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалар» («Ши цзи») аттуу эмгегинде (б. з. ч. 203–201-ж.) «гегун» транскрипциясы м-н берилген. Кытайдын Хан (б. з. ч. 206 – б. з. 205), Тан
(618–907), Сун (960–1279) династияларынын тарыхында гяньгунь, гюйву, гйегу, гйегйесы, гягяс, сяцзяс, хагас, хягас, хакяньсы, хэгу, цзегу (цзйегу), цигу (цзюу), цзяньгунь, цзянькунь ж. б. түрүндө кезигет (к. Ге-гун, Енисей кыргыздары, Кыргыз кагандыгы). Орхон-енисей рун жазуулары чечмеленгенден кийин аталган транскрипциялар кыргыз этнонимине тиешелүү экени аныкталган. Кытай иероглифиндеги «цзегун» м-н «кара кыргыз» (б. а. жалпы кыргыз) деген аталыштын окшоштугун окумуштуу Н. Г. Маллицкий да белгилеген, бирок алардын азыркы К. м-н түздөн-түз байланышы бар (Н. Аристов, Б. Солтоноев) же жок (М. Жамгырчинов, Л. Кызласов) экени тууралуу маселе тактала элек. Ал эми азыркы кыргыз этноними 11–16-
к-дагы тарыхый маалыматтарда кезиккен (к. Махмуд Кашгари, Мухаммед Хайдар, Рашид ад- Дин, Сайф ад-Дин Аксыкенти) К. м-н тикеден тике этногенетикалык байланышта болгондугу талаш туудурбайт. Тарыхый жазма булактарда б. з. ч. 3-к-дан эскерилген К-дын ата журту тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Алгачкы кыргыз журту Енисейде (Түш. Сибирде)
жайгашып, Теңир-Тоого кийин келген (В. В. Бартольд, К. И. Петров ж. б.) дешсе, башкалары (Ө. Караев, Ю. Худяков ж. б.) байыртадан эле
Чыгыш Теңир-Тоону мекендегенин далилдешет, айрымдары (А. Маргулан) Кырг-ндын автохтондуу (жерг.) эли болгон деген көз карашта. Илимпоздордун көпчүлүгү кыргыз элинин негизги
өзөгү Ички Азияда жаралып, этностук тарыхы байыркы уруулар (хунн, динлин, сак, усун ж. б.) м-н байланыштуу деген пикирди колдойт. Тан династиясынын тарыхы (Тан-шу) б-ча байыркы мезгилде К-дын (гяньгунь) күчтүү мамлекети болуп, хунндардын батыш чек арасынан орун алган. Ю. Худяков, Л. Боровкова, Д. Савинов ж. б. окумуштуулар б. з. ч. 1-миң
жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыгынын
башында байыркы кыргыздар (гяньгун) Енисей ж-а Түн.-Батыш Моңголия эмес, Чыгыш Түркстанда жайгашкан деген тыянакка келишкен.
Б. з. ч. 50-жылдары хунндардын башчысы (шанүй) Чжичжи К-дын мамлекетин басып алган соң, К. хунндарга баш ийип, анын таасиринде өнүккөн, кийинчерээк К. динлиндер м-н аралашып кеткен. Кытай жазма булактарында
К. эл катары б. з. 1–5-к-нда түрк урууларынын

телес (тйэле) уруу бирикмесине коңшу катары Иунун (Хами же Комул) батышында, Яньцинин (Яньчжи же Карашаар) түндүгүндө, Бай- Шанга (Ак-Тоо) жакын жайгашып, башчысын «ажо» деп атап, ордосу Кара-Тоо (Цин-Шань) болгону эскерилет. Батыш Түрк кагандыгынын (603–704) тушунда бир тууган кагандар Иби Дулу-хан ж-а Хилиши тарабынан түзүлгөн (638–39) келишим б-ча Иле өзөнүнүн батышы Дулуга тийип, К. (Гйегу, Хягас) анын кол алдында калган. О. кылымдагы энциклопедиячы-окумуштуу Марвази (11–12-к.) түрктөрдүн жери Мавераннахр, Хорезм м-н чектешкенин, түрктөр кыргыз, кимак, гуз (тогуз огуз, уйгур), карлук, печенег (баджанак), кыпчак (хифжак) хазар, мадьяр деген уруулардан турганын «Таббаи ал Хайаван» деген эмгегинде жазган. Мухаммед ибн Бекран (12–13-к .) б-ча К. Аму-Дарыянын (Атиль) баш жагындагы тоолордо жашаган. 13–16-к-да К. жашаган аймак моңголдордун кол алдында калган (к. Моңгол басып алуулары, Моңгол империясы). Кыргыз элинин калыптануу процесси болжол м-н 11–15-к-да аяктап, батыштан-чыгышка карай Түн. Теңир-Тоодон Куньлунь ж-а Гиндукуш тоолору, түштүктөнтүндүккө Куча ойдуңунан Түркстан тоо кыркаларына чейинки аймакты ээлеген. 15-к-дын 2- жарымында Тянь-Шанда (Теңир-Тоо) К-дын өз алдынча саясий бирикмеси түзүлгөн. Кыргыз санжырасында К-дын пайда болушу негизинен Долон бий ж-а анын эгиз уулдары Ак уул (оң, же оң канат), Куу уул (сол, же сол канат) м-н байланышат. Бирок 16-к-да К-дын оң канат уруу бирикмеси Отуз уул, Салусбек Булгачы тукуму аталган топтон турса (к. «Мажму ат-Таварих»), кийин отуз уул оң, солдун курамына, Булгачы башка уруулар м-н бирге ичкиликтерге кирген. КЭРде жашаган К. отуз уулдун бардык тобун сол канатка, ичкиликтерди толук оң канатка киргизет. Изилденип жаткан маалыматтар б-ча азыркы К. Ак уул, Куу уул ж-а ичкилик деп аталган өзүнчө үч чоң топко бөлүнөт. Оңго адигине, тагай ж-а муңгуш; солго кушчу, саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй, чоң багыш; ичкиликке найман, тейит, кесек, жоо кесек, каңды, бостон, нойгут, дөөлөс, ават, кээ бир учурда кыдырша уруулары да кирет. 16–18-к-да Жуңгар хандыгынын кыргыздарга каршы чабуулуна активдүү күрөшкөн (к. Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары). Бул мезгилдеги кы тай жылнаамаларында (Шофанбэйчэн, Пиндин чжуньгээр фанлюе, Да Цин личао шилу ж. б.) К-ды бурут (булутэ) деп атаган учурлар кездешет. 16–18-к-дарда кыргыз-кайсактар ж-а К. өз-өзүнчө эл экени аныкталып (к. Женкинсон, Ефремов), казактардан айырмалоо үчүн К-ды «тоолук кыргыз», «кара кыргыз» деп аташкан (И. Андреев, А. Левшин ж. б.). 19-к-дын 1-жарымында К. Кокон хандыгынын сурагында калган. 19-к-дын 2-жарымында адегенде Түн. Кырг-нды, кийин Түш. Кырг-нды Россия империясы өзүнө караткан (к. Кыргызстандын Россияга каратылышы). Орус революциясынан (1917) кийин 1918–24-ж. Түркстан АССРинин курамында; 1924-ж. 14-октябрда О. Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү ж-дөгү чечимге ылайык Кара-Кыргыз АОсу (1925-жылдын 25-майынан Кыргыз АОсу, 1926-жылдын 1-февралынан Кыргыз АССРи, 1936-жылдын 5-декабрынан Кыргыз ССРи) болуп түзүлүп, РСФСР-дин курамына кирген. СССРдин кулашы м-н 1990-ж. 15-декабрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө», 1991-ж. 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү» декларациялар кабыл алынып, Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган. К. узак тарыхый тагдырында толук кандуу эгемендүүлүккө жетип, көз каранды эмес мамлекетке ээ болду
Ад.: Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в). Ф., 1945; Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка. //Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР. 1956, вып. VI; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Петров К. И. Очерк происхождения киргизского народа. Ф., 1963; Караев О. Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф.,
1968; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1–2; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф), Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарихи Рашиди. А., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Кыргызская государственность в XX веке (Документы, история, комментарии) / Сост. А. Джуманалиев. Б., 2003; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003,
Т. 1–2; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т.Д. Джуманалиев, Б., 2007, Т. 1–2; Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.
Э. Турганбаев.