КЫПЧАК 1: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫПЧАК – кыргыздын этностук курамындагы ичкилик уруулук тобуна (к. Булгачы уруулук бирикмеси) кирген уруулардын бири. Айрым окумуштуулардын пикири б-ча байыркы К. уруулары (к. Кумандар, Кыпчактар) м-н түз байланышы бар этностук компонент болуп саналат. Санжыра маалыматтарында К. тогуз урууга (таз, торайгыр, кожомшүкүр, жартыбаш, шерден, кармыш, жаманак, омонок, алтыке) таралып, Түш. Кырг-нда (Фергана өрөөнү) жашаган К-тар жалпы жонунан «кыргыз кыпчак» («тору кыпчак»), өзбектерге жакындары «сарт кыпчак» («сары кыпчак»), казактар м-н аралаш тургандар «казак кыпчак» («кара кыпчак») деп аталып калган деп айтылат. Бирок ил. көз караштар б-ча аларды өзбек, каракалпак ж. б-дын курамындагы К-тар м-н салыштырууга болбойт, алардын түзүлүшү башкача экени байкалат, ал эми казактардын ичиндеги К-тарда да торайгыр тобу кездешет. Ошондуктан К-тардын теги алтайлык уруулар м-н байланышта болгон деп кароого болот. Негизинен Түн. Кырг-ндын Чүй (Аламүдүн, Кант, Чүй, Кемин ж. б.), Нарын (Нарын, Ак- Талаа, Ат-Башы, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Тоң, Түп) өрөөндөрүнүн кээ бир айылдарында уруууруу болуп чогуу турушат. Бул аймактарда жашаган К-тар өздөрүнүн түпкү тегин Түш. Кырг-н деп эсептейт. Кыргыз эпосторунун башкы каармандары: Эр Төштүк, Курманбек, Жаныш, Байыш ж-а Эр Үрбү, Шырдакбек ж. б. баатырлардын уруусу К. экени айтылат.
Ад.: Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань. 1906; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 2. Б., 1995; Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.
Р. Жолдошов.