КЫМЫЗ МЕНЕН ДАРЫЛОО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫМЫЗ МЕНЕН ДАРЫЛОО – дарылоодо бээ сүтүнөн ачытылган кымызды пайдалануу. К. м. д. кургак учукту дарылоочу санаторийлерде кеңири колдонулат. Төөнүн, уйдун, эчкинин сүтүнөн да кымыз ачытылат. Бирок алардын ичинен организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээ кымызы артыкчылык кылат. Кымызда Д, РР, А, В, С витаминдери, сүт к-тасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болот. Кымызды ичкенден кийин ичеги карын жолдорунун бездери дүүлүгүп, карын зилин чыгаруу күчөйт. Ошондуктан аны ач карын ичүүгө болбойт, анткени ал карын, ичегилерди тез дүүлүктүрөт. Айрым оорулууларга жаңы саалган бээ сүтүн ичүү да сунуш кылынат. Кымыз тамакка табитти ачат. Анын курамындагы сүт к-тасы тамак-аштагы белок, май, кантты сиңирүүгө көмөк болот. Кымыз ичкенде адегенде жүрөктү лакылдатып, кан басымын бир аз көтөрөт, дени соо адамдар андан бат эле арылып, тамырдын кагышы кадимки абалына келет. Кан тамырларга да кымыз жакшы таасир тийгизип, эритроциттер м-н лейкоциттердин саны артат. Бирок гипертония оорусунда, жүрөк кемтигинде кы мыз ичүүгө болбойт. Кымыз туберкулёз ооруларында, аз кандуулукта, о. эле өнөкөт бронхит, энтероколит ж. б. кеселдерде врачтын кеңеши м-н ичкенде гана пайдалуу. Сапаттуу жасалган, өлчөмү м-н ичилген кымыз ден соолукту чың дап, өмүрдү узартууга өбөлгө болот.