КЫЛЧЫК ЖҮНДҮҮ КОЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЛЧЫК ЖҮНДҮҮ КОЙ – жүнүнүн ичкелиги ж-а узундугу ар кандай кой породасы. Алынган продукцияга жараша К. ж. к. төмөндөгү топторго бөлүнөт: тондук тери багытындагы койлор (роман кою, кулунду кою, түндүк кыска куйрук кой); көрпө-сүт багытындагы койлор (каракөл кою, сокол кою) ж. б.; эт-май багытындагы койлор (гиссар кою, эдилбай кою, жайдары кой ж. б.); жүн-эт багытындагы койлор (кучугур кою, черкас кою, дарваз кою ж. б.; эт-жүн-сүт багытындагы койлор (балбас кою, мазех кою, карабах кою, карачай кою, лезгин кою, авар кою ж. б.). К. ж. к-дун ар жүзүнөн 100–140 (роман коюнан 200–300) козу алынат, ар биринен 0,85–2,5 кг жүн кыркылат. Кылчык жүндөн кийиз, кийиз өтүк жасалат, килем ж. б. токулат. К. ж. к-дун салмагы бирдей эмес. Мис., гиссар породасындагы соолуктун тирүүлөй салм. 90 кгдай, ал эми роман породасындагы соолуктуку 45 кг.