КЫЛ КЫЯК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЛ КЫЯК</b> – байыркы улуттук жаалуу тартма | <b type='title'>КЫЛ КЫЯК</b> – байыркы улуттук жаалуу тартма музыкалык аспап. IX–XIII кылымдарда Орто Азия элдеринде кеңири тараган жаалуу тартма аспаптар менен тек­теш. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн сомдолуп чабылат. Уз. 65–70 <i>см</i>. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жа­рымы төөнүн жаргагы менен капталат, алдына туурасынан кичинекей жыгачтан бертик кою­лат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын түбү санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып, ичке келет, башында карама-каршы жайгашкан эки кулагы бар. Ал ыргай, чырганак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктын тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан, куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинип жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жанып ойнойт. Добушу би­йик, мукам, уккулуктуу чыгыш үчүн кыл кыякка эки асый жылкынын куйрук кылы (60–70 талдан ашпаган) тагылат. Адатта кылды аспапка тагарда аны самындап жууп, тарап, карагай­дын кайнаган чайырын сүйкөйт. Ойнор алдын­да кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяк түркүмүндөгү ас­паптар дүйнөгө, айрыкча түрк тилдүү элдерге кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы казактардын кыл кобызына, кара кал­пактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын ил­кемине тембри, добушу, күүлөнүшү, түспөлү, ча­былышы жагынан окшош. Кыл кыяк негизинен кварта менен квинтага күүлөнөт. Анын эки кылы­нан бир мезгилде: төмөнкүсүнөн обондуу, жо­горкусунан туруктуу добуш чыгат. Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жа­кын. Анда адам турмушун, тарыхый окуяларды, жоокердик жүрүштөрдү баяндаган програм­малуу күүлөр тартылат. Түрдүү курактагы адамдардын үнү, күлкүсү, ыйлаганы, кошок кошкону, | ||
[[File:КЫЛ КЫЯК49.png | thumb | none | [[File:КЫЛ КЫЯК49.png | thumb | none|Кыл кыяк: 1 – чарасы; 2 – капкагы; 3 – куткуну; 4– тепкеги; 5 – кылдары; 6 – моюну; 7 – кулакта­ры; 8 – жаа жыгачы; 9 – кылы (тептирге).]] | ||
Кыл кыяк: 1 – чарасы; 2 – капкагы; 3 – куткуну; 4– тепкеги; 5 – кылдары; 6 – моюну; 7 – кулакта­ры; 8 – жаа жыгачы; 9 – кылы (тептирге). | Жан-жаныбарлардын кыймылы, үнү, табигый көрүнүштөр («Тору кашка ат, кокуй», «Ак токту», «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоо», «Улардын учушу», «Байге», «Шүдүңгүт», «Ботой» жана башкалар) тууралып баяндалат. Кыл кыяк кенже дастан айтуучулардын, жомокчулардын жана элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары да пайдаланылат. Айрым эскерүүлөргө караганда байыркыда Байгын, Олжобай аттуу чоң кыякчылар болгон, алардын өнөрүн Датка, Дилдебай, Боромбай, Саид, Жолой, Иманкул жана башкалар улаган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон күүлөр менен бирге комуз, темир ооз комуз күүлөрү да тартылат. К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринде кыл кыяктын өркүндөтүлгөн төрт түрү (кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас, кыл кыяк-контрабас) пайдаланылат. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
09:36, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫЛ КЫЯК – байыркы улуттук жаалуу тартма музыкалык аспап. IX–XIII кылымдарда Орто Азия элдеринде кеңири тараган жаалуу тартма аспаптар менен тектеш. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн сомдолуп чабылат. Уз. 65–70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн жаргагы менен капталат, алдына туурасынан кичинекей жыгачтан бертик коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын түбү санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып, ичке келет, башында карама-каршы жайгашкан эки кулагы бар. Ал ыргай, чырганак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктын тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан, куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинип жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жанып ойнойт. Добушу бийик, мукам, уккулуктуу чыгыш үчүн кыл кыякка эки асый жылкынын куйрук кылы (60–70 талдан ашпаган) тагылат. Адатта кылды аспапка тагарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын кайнаган чайырын сүйкөйт. Ойнор алдында кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяк түркүмүндөгү аспаптар дүйнөгө, айрыкча түрк тилдүү элдерге кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын илкемине тембри, добушу, күүлөнүшү, түспөлү, чабылышы жагынан окшош. Кыл кыяк негизинен кварта менен квинтага күүлөнөт. Анын эки кылынан бир мезгилде: төмөнкүсүнөн обондуу, жогоркусунан туруктуу добуш чыгат. Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адам турмушун, тарыхый окуяларды, жоокердик жүрүштөрдү баяндаган программалуу күүлөр тартылат. Түрдүү курактагы адамдардын үнү, күлкүсү, ыйлаганы, кошок кошкону,

Жан-жаныбарлардын кыймылы, үнү, табигый көрүнүштөр («Тору кашка ат, кокуй», «Ак токту», «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоо», «Улардын учушу», «Байге», «Шүдүңгүт», «Ботой» жана башкалар) тууралып баяндалат. Кыл кыяк кенже дастан айтуучулардын, жомокчулардын жана элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары да пайдаланылат. Айрым эскерүүлөргө караганда байыркыда Байгын, Олжобай аттуу чоң кыякчылар болгон, алардын өнөрүн Датка, Дилдебай, Боромбай, Саид, Жолой, Иманкул жана башкалар улаган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон күүлөр менен бирге комуз, темир ооз комуз күүлөрү да тартылат. К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринде кыл кыяктын өркүндөтүлгөн төрт түрү (кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас, кыл кыяк-контрабас) пайдаланылат.