КЫЛА-КӨЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЛА-КӨЛ , К ы л а а - К ө л – Чаткал кырка тоосунун түн.-чыгыш капталындагы көл. Сары-Челек коругунда, Сары-Челек көлүнөн 0,5 км түш. тарапта жайгашкан. Деңиз деңг. 1845 м би­йикте жатат. Уз. 900 м, туурасы 600 м, аянты 0,6 км2, тереңдиги 20 мге жакын. Көлгө Сары-Челектен агып чыккан Тоскоол суусу (уз. 600–700 м) куюп, андан Сары-Камыш суусу башталат да, Кожо-Ата суусуна кошулат. Түш. бөлүгү саздак келип, жээгинде камыш өсөт. Айланасында дарактар отургузулган. Балык коё берилген.