КЫЙМЫЛДАТКЫЧ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЙМЫЛДАТКЫЧ – кандайдыр бир энергияны мех. жумушка өзгөртүүчү түзүлмө. К. түрдүү машиналарды, кургакта, сууда, абада, космосто учуучу транспорт каражаттарын, өндүрүштүк тех. жабдууларды, коммуналдык ж-а тиричилик приборлорун ж. б. аракетке келтирет. Алгачкы мех. К.– суу дөңгөлөгү Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө сугат системасында пайдаланылган. 18-к-дын башында отун энергиясын пайдаланган буу кыймылдаткычтары пайда болгон. 19-к-дын экинчи жарымында жылуулук К-тын эки жаңы тиби – буу турбинасы ж-а ичинен күймө кыймылдаткыч түзүлгөн. 1860-ж. фр. механик Э. Ленуар алгачкы ичинен күймө кыймылдаткычты долбоорлогон. Германияда 1876-ж. Н. Отто 4 тактылуу газ К-ын, 1897-ж. инженер Р. Дизель кысылуудан тутануучу К-ты түзгөн. Андан кийин гидротурбинанын түзүлүшү өркүндөтүлүп, жыйынтыгында гидроэнергетикалык агрегаттарды ж-а ГЭСтерди курууга алып келди. Булардан тышкары электрдик, реактивдүү кыймылдаткычтар ж. б. бар.