КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР , К о р д о н – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Кызыл-Үңкүр айыл округунун борбору. «Кызыл-Үңкүр» токой чарбасынын аймагында, Кеңкол суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1260 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кышнан 64 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 97 км. Кыштак 1900-ж. пайда болгон. Калкы 1308 (2009); негизинен токойчулукта, аарычылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Жыгачтан буюм жасоочу цех, 2 тегирмен, мончо, соода борборлору, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, клуб, бала бакча, оорукана, амбулатория, байланыш түйүнү ж. б. бар. Кыштакка жакын балдардын «Медик» эс алуучу жайы жайгашкан.