КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ</b> – 7–12-к-га таандык археол. эстелик. Ысык-Ата р-нуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй д-нын сол жээгинде жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар калдыгын археол. табылгалардын ж-а о. кылымдардагы жазма булактардын негизинде Сарыг ш-на, В. Д. Го&shy;рячева Невакет ш-на салыштырышат. Бул эки шаар тең о. кылымдардагы араб-фарсы авторлорунун (Ат-Табари, ибн-Хордадбек, ибн-Куда-ма, ибн-Жафар, ал-Хорезминин) эмгектеринде кездешет. Шаар ж-а шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар м-н курчалган.
<b type='title'>КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ</b> – VII–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ысык-Ата районуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар калдыгын археологиялык табылгалардын жана орто кылымдардагы жазма булактардын негизинде Сарыг шаарына, В. Д. Го&shy;рячева Невакет шаарына салыштырышат. Бул эки шаар тең орто кылымдардагы араб-фарсы авторлорунун (Ат-Табари, ибн-Хордадбек, ибн-Куда-ма, ибн-Жафар, ал-Хорезминин) эмгектеринде кездешет. Шаар жана шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар менен курчалган.


[[File:КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ44.png | thumb | Кызыл-Суу шаар калдыгынан табылган мөөрлөр (Чүй
[[File:КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ44.png | thumb | Кызыл-Суу шаар калдыгынан табылган мөөрлөр (Чүй өрөөнү).]]
өрөөнү).]]Жалпы аянты 200 <i>га,</i> шахристандык маданий катмарынын калыңдыгы 4 <i>м</i>. Түш.-чыгыш та&shy;рабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк м-н сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооз&shy;долгон. Шаардын гүлдөгөн мезгили 10-к-га тие&shy;шелүү. Негизги калкы түрктөр, түргөштөр, кар&shy;луктар болгон. Шаар калкы алгач Батыш Түрк, кийин Түргөш, Карлук каганаттары ж-а Кара&shy;ханид мамлекетинин курамына кирген. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, те&shy;мир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб ж-а несториан жазуулары ж-а 3000ден ашык Караханид, Тухус ж-а Арсланид, Кытай, Согду, Түргөш тыйындары табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некрополь) ж-а 8 <i>м</i> будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм)
(8–10-к.), үй курулуштары (10–11-к.), сарай (10–11-к.) шаар сыртындагы 3 сепил (8–10-к.), короо-жайлар изилденген. Түрк урууларына таан&shy;дык, аты м-н кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Бул эстеликти археологдор А. Н. <i>Бернштам</i> (1939–40), П. Н. Кожемяко (1953, 1961–63, 1971–72), В. Д. Горячева (1978–88, 1996–2000) ж-а А. И. Торгоевдер (2007-жылдан) изилдеген.


Жалпы аянты 200 <i>га,</i> шахристандык маданий катмарынын калыңдыгы 4 <i>м</i>. Түштүк-чыгыш та&shy;рабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк менен сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооз&shy;долгон. Шаардын гүлдөгөн мезгили X кылымга тие&shy;шелүү. Негизги калкы түрктөр, түргөштөр, кар&shy;луктар болгон. Шаар калкы алгач Батыш Түрк, кийин Түргөш, Карлук каганаттары жана Кара&shy;ханид мамлекетинин курамына кирген. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, те&shy;мир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб жана несториан жазуулары жана 3000ден ашык Караханид, Тухус жана Арсланид, Кытай, Согду, Түргөш тыйындары табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некрополь) жана 8 <i>м</i> будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) (VIII–X кылымдар), үй курулуштары (X–XI кылымдар), сарай (X–XI кылымдар) шаар сыртындагы 3 сепил (VIII–X-кылымдар), короо-жайлар изилденген. Түрк урууларына таан&shy;дык, аты менен кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Бул эстеликти археологдор А. Н. <i>Бернштам</i> (1939–1940), П. Н. Кожемяко (1953, 1961–1963, 1971–1972), В. Д. Горячева (1978–1988, 1996–2000) жана А. И. Торгоевдер (2007-жылдан) изилдеген.


Ад.: <i>Кожемяко П. Н.</i> Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; <i>Горячева В. Д.</i> Город Золотого верблюда. Ф., 1988; Красная Речка и Бурана. Ф., 1989.
Ад.: <i>Кожемяко П. Н.</i> Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; <i>Горячева В. Д.</i> Город Золотого верблюда. Ф., 1988; Красная Речка и Бурана. Ф., 1989.
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]

11:46, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ – VII–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ысык-Ата районуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар калдыгын археологиялык табылгалардын жана орто кылымдардагы жазма булактардын негизинде Сарыг шаарына, В. Д. Го­рячева Невакет шаарына салыштырышат. Бул эки шаар тең орто кылымдардагы араб-фарсы авторлорунун (Ат-Табари, ибн-Хордадбек, ибн-Куда-ма, ибн-Жафар, ал-Хорезминин) эмгектеринде кездешет. Шаар жана шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар менен курчалган.

Кызыл-Суу шаар калдыгынан табылган мөөрлөр (Чүй өрөөнү).

Жалпы аянты 200 га, шахристандык маданий катмарынын калыңдыгы 4 м. Түштүк-чыгыш та­рабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк менен сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооз­долгон. Шаардын гүлдөгөн мезгили X кылымга тие­шелүү. Негизги калкы түрктөр, түргөштөр, кар­луктар болгон. Шаар калкы алгач Батыш Түрк, кийин Түргөш, Карлук каганаттары жана Кара­ханид мамлекетинин курамына кирген. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, те­мир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб жана несториан жазуулары жана 3000ден ашык Караханид, Тухус жана Арсланид, Кытай, Согду, Түргөш тыйындары табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некрополь) жана 8 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) (VIII–X кылымдар), үй курулуштары (X–XI кылымдар), сарай (X–XI кылымдар) шаар сыртындагы 3 сепил (VIII–X-кылымдар), короо-жайлар изилденген. Түрк урууларына таан­дык, аты менен кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Бул эстеликти археологдор А. Н. Бернштам (1939–1940), П. Н. Кожемяко (1953, 1961–1963, 1971–1972), В. Д. Горячева (1978–1988, 1996–2000) жана А. И. Торгоевдер (2007-жылдан) изилдеген.

Ад.: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; Горячева В. Д. Город Золотого верблюда. Ф., 1988; Красная Речка и Бурана. Ф., 1989.