КЫЗЫЛ-КЫЯ 1: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-КЫЯ – Баткен обл-ндагы шаар (1938-жылдан). Кадамжай р-нунун аймагында, Кичи-Алай кырка тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 918 м бийикте жайгашкан. К.-К. 1898-ж. негизделген. Калкы 44,2 миң (2009; шаардык кеңешке баш ийген айыл калкы 12,4 миң); негизинен кыргыздар (57,7%), өзбектер (17,3), орустар (9,7), тажиктер (6,1), татарлар (3,9), түрктөр (1,4),
о. эле башка улут өкүлдөрү да жашайт.
К.-К. – облустун ири ө. ж. борбору (облустун ө. ж. продукциясынын 25,3%ин берет). Ө. ж-нын негизин отун, тамак-аш, курулуш материалдары түзөт. Көмүр өндүрүүчү ири ишканасы «Кызыл-Кыя көмүр» АК (900 миң тга чейин көмүр өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар; көмүрдү ачык түрдө казып алуучу Абшыр ж-а Валакыш шахталарын ичине камтыйт) эсептелет. Ун-акшак ж-а аралаш тоют ө. ж. да өнүккөн. Тамак-аш ж-а жеңил ө. ж-нын ири ишканалары: «Кызыл-Кыя тамекиси», «Абшыр-Ата» (эт комбинаты), «Кызыл-Кыя сүт азык», «Кызыл-Кыя азыктары» АК, «Кен ЛТД» ЖЧК (консерва з-ду), «Динамо» (кийим тигүү ф-касы) ж. б. Машина куруу ж-а курулуш материалдары ө. ж. тармактарында «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» мамл. АК, Борб. электр-мех. өнөрканалары, «Нур» (курулуш материалдарын өндүрүүчү), «Темирбетон» АК иштейт.
Шаар Баткен обл-нун ири жолдор тоому. Негизинен автомобиль ж-а т. ж. транспорту өнүккөн. Т. ж-нун уз. 42 км (Өзбекстандын Фергана бекетине чейин). Шаарда жалпы билим берүүчү 14 мектеп, китепканалар, 4 бала бакча, тарых музейи, 2 кинотеатр, мад-т үйү бар. Шаардык участкалык ооруканалар, төрөт үйү, учук ж-а тери-венерол. диспансерлери, тиш поликлиникасы, 4 ФАП, 12 үй-бүлөлүк врачтар тобу, медицина-санит. мекемеси ж. б. иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Эски кен казылманын аймагында Кызыл-Кыя шаар чалдыбарынын калдыктары сакталган.