КЫЗЫЛ ГВАРДИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ ГВА́РДИЯ – Октябрь рев-ясынын негизги сокку уруучу күчү, жумушчулардын куралдуу отряды. 1917-ж. мартта большевиктердин жетекчилиги м-н түзүлгөн. Октябрь рев-ясы жеңип чыккандан кийин К. г. бийликти жеңип алуу куралынан Совет респ-н коргоо ж-а бекемдөө куралына айланган. Түркстан АССР ЭКСтин 1917-ж. 24-ноябрда кабыл алган токтомунун негизинде Түркстан крайынын шаарларында ж-а уезддеринде К. г. отряддарын уюштуруу башталган. 1917-ж. 31-декабрда Бишкек ш-нда К. г. отряды уюшулуп, ага 200дөй адам мүчө болгон. О. эле Кызыл-Кыя, Токмок, Каракол ш-нда уюшулган. 1918-жылдын орто ченинде Түркстан аймагында 11 миңден ашуун К. г-чылар болгон. Элдин оор абалын көрүп-билип туруп, ашык эгинин мамлекетке өткөрбөш үчүн жерге көмгөн, тамак-аштын баасын асмандаткан кулактардын ашык эгинин алып, кедейлерге таратып берүү чаралары көрүлгөн. Кыргнда К. г-чылардын чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында миңдеген пуд эгин даярдалып, дыйкандарга үрөн үчүн берилген. Бара-бара К. г-нын коомдук тартипти сактоо б-ча милдеттери милиция органдарына өткөзүлүп, К. г. толугу м-н Кызыл Армияга кошулган.