КЫЗЫЛ-БУЛАК ЯШМА КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-БУЛАК Я́ШМА КЕНИ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Байбиче тоосунун түш. этегинде жайгашкан. Кен аймагында девон мезгилиндеги боз түстүү акиташ м-н сланец тоо тектери жатат. Арасында яшма катмары кездешет.
Калыңдыгы 10–50 м, уз. 0,5–4,0 кмге созулат.
Яшма жашыл боз түстө, темгилдүү, жакшы сайкалданат. Блоктордун өлчөмү 5x5 мге жетет. Жүк көтөрүмдүүлүгү жогору, суукка чыдамдуу. Болжолдуу запасы 60 миң м3. Ар кандай кооз буюмдарды жасоого болот.