КЫЗЫЛ-БАЙРАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-БАЙРАК (мурда Б о с т о н, кийинче­рээк Г ү л с т а н деп да аталган) – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 14 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал- Абад т. ж. бекетинен 9 км. Кыштак 1880-ж. негизделген. Калкы 1163 (2009); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто ж-а мектеп-интернат, бала бакча, ФАП бар. 1930-ж. уюшулган «Кызыл-Байрак» колхозунун атынан аталып калган. Учурда кайрадан Б о с т о н деп аталат.