КЫЗ ОЮН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЫЗ ОЮН</b> – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз м-н жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. К. о. атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки та&shy;раптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары ж-а жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгаш&shy;кан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне м-н көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Уку&shy;ругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акы&shy;сын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойло&shy;туп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу м-н акырын түртүп коюу м-н үйгө ки&shy;рип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим су&shy;рап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жа&shy;нына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай ж. б. оюндар ой&shy;нолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырла&shy;ры ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салта&shy;наты башталган. Буга <i>сармерден, жаңылмач,</i> о. эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кор&shy;доо) да аралашкан. К. о-нда күрөш, аркан тар&shy;тыш, бука тартыш, кыз куумай, о. эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон.
<b type='title'>КЫЗ ОЮН</b> – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. Кыз оюн атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки та&shy;раптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары жана жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгаш&shy;кан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне менен көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Уку&shy;ругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акы&shy;сын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойло&shy;туп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу менен акырын түртүп коюу менен үйгө ки&shy;рип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим су&shy;рап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жа&shy;нына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай жана башка оюндар ой&shy;нолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырла&shy;ры ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салта&shy;наты башталган. Буга <i>сармерден, жаңылмач,</i> ошондой эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кор&shy;доо) да аралашкан. Кыз оюнда күрөш, аркан тар&shy;тыш, бука тартыш, кыз куумай, ошондой эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон.
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]

11:06, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗ ОЮН – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. Кыз оюн атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки та­раптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары жана жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгаш­кан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне менен көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Уку­ругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акы­сын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойло­туп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу менен акырын түртүп коюу менен үйгө ки­рип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим су­рап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жа­нына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай жана башка оюндар ой­нолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырла­ры ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салта­наты башталган. Буга сармерден, жаңылмач, ошондой эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кор­доо) да аралашкан. Кыз оюнда күрөш, аркан тар­тыш, бука тартыш, кыз куумай, ошондой эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон.