КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ</b> – | <b type='title'>КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ</b> – I–V кылымдардагы хунн дооруна таандык мүрзөлөр. Жумгал району­нун Кызарт ашуусунда жайгашкан. 12 дөбө­-мүрзөдөн турат. Беш дөбө-мүрзөнү археолог А. Н. Бернштам изилдеген. Бийиктиги 0,21–0,87 <i>м</i>, диаметри 8–18 <i>м</i>. Үстү топурактан үйүлгөн дөбө түрүндө. Көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү чарадан жана маркум коюлуучу казанактан турган. Айрымдары жарма көр түрүндө. Адам сөөгү жалгыздан же экиден коюлган. Баш сөөктөрү сөлпү түзүлүштө болгон. Жыгач жана чопо идиштер, жаа бастырмалары, жибек кездеме калдыктары, жаа жебеси, бычак жана ийик­тин башы табылган. 1990-жылдары байыркы түрк жана Караханиддер дооруна тиешелүү эсте­ликтерди жергиликтүү тарых мугалими А. Абдрахма­нов ачкан. Аларга балбал таштар жана байыркы турак жай калдыктары кирет. | ||
чопо идиштер, жаа бастырмалары, жибек | |||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
11:13, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ – I–V кылымдардагы хунн дооруна таандык мүрзөлөр. Жумгал районунун Кызарт ашуусунда жайгашкан. 12 дөбө-мүрзөдөн турат. Беш дөбө-мүрзөнү археолог А. Н. Бернштам изилдеген. Бийиктиги 0,21–0,87 м, диаметри 8–18 м. Үстү топурактан үйүлгөн дөбө түрүндө. Көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү чарадан жана маркум коюлуучу казанактан турган. Айрымдары жарма көр түрүндө. Адам сөөгү жалгыздан же экиден коюлган. Баш сөөктөрү сөлпү түзүлүштө болгон. Жыгач жана чопо идиштер, жаа бастырмалары, жибек кездеме калдыктары, жаа жебеси, бычак жана ийиктин башы табылган. 1990-жылдары байыркы түрк жана Караханиддер дооруна тиешелүү эстеликтерди жергиликтүү тарых мугалими А. Абдрахманов ачкан. Аларга балбал таштар жана байыркы турак жай калдыктары кирет.