КХМЕРЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КХМЕРЛЕР</b> (өздөрүн к х м е р же к х м а э деп аташат) – эл, Камбожанын негизги калкы. Саны 13,4 млн киши (2008). | <b type='title'>КХМЕРЛЕР</b> (өздөрүн к х м е р же к х м а э деп аташат) – эл, Камбожанын негизги калкы. Саны 13,4 млн киши (2008). Түндүк жана Түштүк-Чыгыш Таиландда (1,4 млн), Түштүк Вьетнамда (1,2 млн) жана Лаосто (5 миң), ошондой эле Америка Кошмо Штаттарында (189,5 миң) да жашашат. Кхмер тилинде сүйлөшөт. Дини – буддизм. Кхмер эли биздин замандын башында көп сандаган кхмер урууларынын индонезиялык уруулар менен аралашуусунан, коңшу өлкөлөрдүн (айрыкча Индия) маданиятынын таасиринде калыптанган. | ||
[[File:КХМЕРЛЕР19.png | thumb | Салттуу кхмер бийи. Ангкор.]] | [[File:КХМЕРЛЕР19.png | thumb | Салттуу кхмер бийи. Ангкор.]]Бирок тоолук кхмерлер бул процесске дуушар болгон эмес. Кхмерлер. түштүк монголоиддерге кирет, бирок аларда ведд-австралоиддик белгилер да бар. Кхмерлерде уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка не­гизделип түзүлгөн, байыркы уруу коомунун сар­кындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аял­дар үстөмдүк кылат. Кхмерлер дыйканчылык, мал чар­бачылык менен кесиптенишип, каркастуу, сваялуу үйлөрдө жашашкан. Салттык кийими саронг деп аталат. Кхмерлер. (аял, эркек) чачтарын кыска кырктырышат. Тамак-ашы – негизинен күрүч, балык, майрам күндөрү эт, ошондой эле таш бака, чегиртке, бака. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
10:06, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КХМЕРЛЕР (өздөрүн к х м е р же к х м а э деп аташат) – эл, Камбожанын негизги калкы. Саны 13,4 млн киши (2008). Түндүк жана Түштүк-Чыгыш Таиландда (1,4 млн), Түштүк Вьетнамда (1,2 млн) жана Лаосто (5 миң), ошондой эле Америка Кошмо Штаттарында (189,5 миң) да жашашат. Кхмер тилинде сүйлөшөт. Дини – буддизм. Кхмер эли биздин замандын башында көп сандаган кхмер урууларынын индонезиялык уруулар менен аралашуусунан, коңшу өлкөлөрдүн (айрыкча Индия) маданиятынын таасиринде калыптанган.

Бирок тоолук кхмерлер бул процесске дуушар болгон эмес. Кхмерлер. түштүк монголоиддерге кирет, бирок аларда ведд-австралоиддик белгилер да бар. Кхмерлерде уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн, байыркы уруу коомунун саркындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аялдар үстөмдүк кылат. Кхмерлер дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, каркастуу, сваялуу үйлөрдө жашашкан. Салттык кийими саронг деп аталат. Кхмерлер. (аял, эркек) чачтарын кыска кырктырышат. Тамак-ашы – негизинен күрүч, балык, майрам күндөрү эт, ошондой эле таш бака, чегиртке, бака.