КҮҮГҮМ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮҮГҮМ , и ң и р – күн баткандан кийин атм-да байкалуучу оптикалык кубулуш; күндүзгү жарыктан түнкү караңгылыкка акырындык м-н өтүү мезгили. К-дүн узактыгы күн баткандан жасалма жарыкты күйгүзгөнгө чейинки убакыт аралыгы м-н аныкталат; ал экваторго жакындаган сайын кыскарып, жердин геогр. кеңдигине жараша болот. К-дүн гражд. (Күндүн горизонттон 6° кеңдикке чейин батышы), навигациялык (6°тан 12°ка чейин), астр. (12°тан 18°ка чейин) түрлөрү болот. Жайында (июнда) жогорку кеңдиктерде (Түн. жарым шарда) күн бир топко чейин туруп, кечки К. таңкы шоола м-н кошулат, буурул түндөр байкалат. Мындай окшош кубулуштарды Түн. жарым шарда кышында (декабрда) байкоого болот. Кыргыздарда күн чыгар алдындагы К. – таңкы шоола, таңкы мунарык же үрөң-бараң, үрүл-бүрүл деп аталат.