КҮРКҮРӨӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮРКҮРӨӨ – Талас өрөөнүнүн батышындагы суу, Ассанын бир курамы. Кара-Буура р-нунун аймагында. Уз. 56 км, алабынын аянты 454 км2. Талас Ала-Тоосунун Манас чокусундагы (4482 м) ж-а Байдамтал, Чыңгыз ашууларынын түндүгүндөгү мөңгүлөрдөн башталат. Терс м-н кошулуп, Асса суусун түзөт. Алабынын орт. бийикт. 2870 м. Эки ири куймасы бар: Көгөндү (сол, уз. 24 км) ж-а Аташ-Чапкан (оң, уз. 32 км). Өрөөнүнүн таманында ж-а беттеринде булактуу саздак жер көп. Алабында мөңгү ж-а 4 көл (жалпы аянты 0,08 км2) бар. К. тоо аралап шар агат. Тектирчелерди пайда кылат. Кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы 5,98 м3/сек, июлдуку 16,0 м3/сек, марттыкы 2,23 м3/сек. Июнь–июль айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Тоодон чыккандан кийин 13 каналга бөлүнөт. Кара-Буура р-нунун дыйкан чарбаларынын ж-а Казакстандын Тараз обл-нун чарбаларынын айдоо аянттары сугарылат. Боюнда Көк-Сай, Арчагул, Кайнар, Шекер, Аманбаев кыш. жайгашкан.