КҮРДДӨР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮРДДӨР (өздөрүн к ү р д, к у р м а н ж деп аташат) – Батыш Азиядагы эл, Күрдстандын негизги калкы. Түркия, Иран, Ирак, Сирия, о. эле Армения, Грузия, Казакстан, Азербайжан, Ливан, Афганстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кырг-н, Германия, Франция, Нидерланд, Швейцария, Австрия, Белгия, Россияда да жашашат. Жалпы саны 35 млнго жакын киши (2009). Күрд тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендердин көпчүлүгү мусулман-

сунниттер, башка дин туткандары да бар. 14–18-к-да К. Иран ж-а Осмон империясына көз каранды болгон. Осмон империясы кулагандан кийин, ага тиешелүү К-дүн аймактары Түркия, Ирак, Сирия мамлекеттерине өткөн. Натыйжада Түркия, Ирак, Сирия, Иранда К. улуттук дискриминацияга кабылган. Күрдстанда улуттук-маданий укуктары үчүн К-дүн көтөрүлүштөрү болуп турган. 19-к-дын аягында миграция процесси күч алып, Түркия ж-а Ирандан К. Закавказьеге көчүрүлгөн. К. Армения, Азербайжан (1937) ж-а Грузиядан (1944) Казакстанга, О. Азияга депортацияланган. СССР кулагандан кийин Казакстан, О. Азия ж-а Закавказьедеги К. Краснодар ж-а Ставрополь крайларынын алыскы райондоруна, Ростов обл-на ж-а Адыгэ Респ-на көчүп кетишкен. К. дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенип, дубалы топурактан же таштан тургузулган, бир же эки кабаттуу үйлөрдө, көчмөндөрү – жайкысын чатыр, кышкысын жер төлөлөрдө жашаган. Эркектери чалбар (көлбөйгөн кең шым), көкүрөк жагы ачык, узун жеңдүү көйнөк, түйүлгөн чыптама, суукта кийиз же жүндөн даярдалган кийим кийип, белине кур байлап, канжар тагынган. Аялдар кездеме чалбар, узун көйнөк, чыптама кийип, кур курчанган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары.