КҮН СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮН СИСТЕМАСЫ (solar system) – тартылуу күчүнүн таасири м-н Күндү эллипс орбита б-ча тегеренип кыймылдоочу планеталар, жандоочтор, астероиддер, кометалар, метеорлор, газ-чаңдуу бөлүкчөлөр ж. б. асман телолору. Ага Күндүн өзү, анын 48 жандоочусу, 9 зор планета, 100 000ден ашуун кичине планеталар, о. эле метеордук уюктан орун алган сансыз көп телолор кирери белгилүү. К. с-нын радису 2.105 а. б. га (3.1018 смге) барабар. К. с-ндагы борб. тело – Күн. Күндүн массасы бардык К. с-нын массасынын 99,866%ин, Юпитердики 0,095%ин, Сатурндуку 0,029%ин, калган бардык телолордуку 0,010%ин түзөт. Планеталар байыркы убакта эле белгилүү ж-а болжол м-н 4,6 млрд жыл мурун пайда болгон. Кийин так изилдөөлөрдүн натыйжасында Уран (1781), Нептун (1846), Плутон (1930) планеталары ачылды. К. с-ндагы планеталар массасы, хим. курамы, айлануу ылдамдыгы ж-а жандоочуларынын саны б-ча эки топко бөлүнөт: зор ж-а Жер тобундагы планеталар.
Жер тобундагы планеталар – Меркурий, Чолпон, Жер, Марс таштуу заттардан ж-а металл компоненттеринен турат. Массалары салыштырмалуу аз ж-а жандоочу бар. Ай Жердин жандоочусу ж-а Жер массасынын 1/81ин түзөт. Плутондун жандоочусу Харондун массасы м-н дал келет. Тышкы планеталар – Юпитер, Сатурн, Уран ж-а Нептун. Атм-сы суутек гелийден турат ж-а темир таштуу ядросунун массасы 10дон 20га чейинки Жер массасындай. Алардын бардыгынын жандоочулары ж-а шакекчелери бар. Эң чоң ж-а кубаттуу шакекче Сатурнга тиешелүү. Ал эми эң алыс жайгашкан Плутондун физ. касиети тышкы планеталардан айырмалуу, ошондуктан бул курамга кирбейт. Плутондун массасы Айдын 1/4 массасын түзөт ж-а бошонгон жандооч болушу мүмкүн деп болжолдонот. К. с. Галактикада кыймылдоо м-н айрым учурларда жылдыздар аралык газ-чаң тумандарын аралап өтөт. Күндөн өтө алыскы аралыкта планеталардын пайда болушу үчүн заттар жетишерлик деңгээлде эмес. Ошондуктан Нептундун орбитасынан алыскы аралыкта зор планеталардын болушу мүмкүн эмес. Бирок көп астрономдордун ою б-ча К. с-н сфералык түрдөгү кометалык булут Оорта – Эпика куурчап турат ж-а жакынкы жылдызга чейинки 1/3 аралыкта жайгашкан. К. с-нын радиусу болжол м-н 40 а. б. ж-а жакынкы жылдызга чейинки аралык 270 000 а. б-ти түзөт.
-
