КҮНӨӨСҮЗДҮК ПРЕЗУМПЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮНӨӨСҮЗДҮК ПРЕЗУМПЦИЯСЫ (лат. рraesumptio – божомол, жоромол) – сот тарабынан атайын айып тагылмайын, айыпкерди күнөөлүү деп кароого (табууга) жол бербей турган укук. К. п. жеке адамдын укугун сактоо үчүн атайын Декларациянын негизинде 1789-ж. Парижде кабыл алынган. Ал коюлган күнөөдөн айыпкердин болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп коргонуусу, бардык укуктардан пайдаланууга шарт түзүп берүү максатын караган. Бул статья б-ча айыпкер өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө укуктуу, бирок милдеттүү эмес болуп саналат, б. а. анын күнөөлүү экенин ошо күнөөнү койгон киши (тергөөчү, прокурор) далилдеши керек. Тергөөчү айыпкерди күнөөлүү деп тапкандан кийин ал прокурор тарабынан текшерилип, сот­ко ашырылат. Сот өкүмү ошол мамлекеттин атынан чыгат, ошондуктан айыпкерди күнөөлүү дешке сотко гана укук берилген. Мындан тышкары соттолгондон кийин да күнөөлүү адамдын жогорку инстанцияга арыздануусуна укук берилет.