КҮН 1: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮН (sun) – Күн системасынын борборунда жайгашкан шар формасындагы өтө ысык плазма абалындагы асман телосу; Жерге өтө жакын, башкы жылдыздарга караганда толугураак изилденген орт. өлчөмдөгү жылдыз. G2 спектрдик классындагы, 71% суутектен, 26% гелийден ж-а 1%тен көбүрөөгү башка элементтерден (кычкылтек, көмүртек, неон, азот, темир, магний, кремний, күкүрт, аргон, алюминий, никель, натрий, кальций) турган, өзү жаркыроочу газ массасын түзгөн сары кидик (карлик) жылдыз. К-гө телескоп м-н байкоо жүргүзүүнү 1611-ж. Г. Галилей баштап, анын бетиндеги тактар ж-а өз огунда айлануу мезгили аныкталган. Спектрдик анализ ыкмасынын өнүгүшү К-дүн физ.

шарттары ж-а 1814-ж. немис физиги Й. Фраунгофердин К. спектриндеги кара жутулуу сызыктарын табуусу м-н хим. курамы изилдене баштаган. К-дө К. системасынын массасынын 99,866%и топтолгон. Планеталардын массасы К. системасынын массасынын 1/700 бөлүгүн түзөт. К. биздин Галактиканын борборунан 10 кпс аралыкта жайгашкан ж-а айлануу мезгили 240 млн жыл, ылдамдыгы (жакынкы жылдызга салыштырмалуу) 19,7x103 м/сек ж-а жашы болжол м-н 5x109 жыл. Абс. жылдыз чоңдугу +4,83, бетиндеги темп-ра 5770 К, ортосундагы темп-ра 15x106 К ж-а ошонун негизинде гравитация күчүнө туруштук берүүчү басымды (3,4x1016 н/м2) пайда кылат. Мындай жогорку темп-рада суутектин гелийге айланышынан (фотосферанын бетинен чыккан энергия 3,86x1026 Вт), б. а. термоядролук реакциянын негизинде өзүнүн энергиясын мейкиндикке таратат. Мындай ыргаалдуулукта 4,6 млрд жылдан ашык нурлантып келет ж-а 4% суутек гелийге айланып, массасынын 0,03%и энергияга айланган. Күндүн ичинде конвекциялык ядро реакциясы болуп турат. Күн секундасына болжол м-н 1,88 эрг/г энергия бөлүп чыгарат. Энергия бөлүп чыгаруунун натыйжасында К. минутасына 240 млн т, жылына 132x1012 т массасын коротот. К-дүн бетиндеги гравитациялык күч Жердикинен 27 эсе чоң, б. а. 273,98 м/сек2, массасы 1,990x1030 кг, орт. тыгыздыгы 1,41x103 кг/м3 ж-а көлөмү 1,41x1027 см3, орт. радиусу (сфералык фотосфера) – 700 000 км, диаметри 1,39x106 км. Бул Жер массасынан 330 000, радиусунан 110 эсе көп. К-дүн дээрлик бардык энергиясы анын борбору – ядросунан чыгат. Ядро К-дүн 1/1000 көлөмүн ээлейт (диаметри 450 000 км) ж-а орточо тыгыздыгы 160 г/см3. К. бир нече катмардан турат ж-а анын курамындагы заттар нурду начар өткөргөндүктөн, ядродон фотосферага нурлануу өтө жай жүрөт – 10 млн жыл. Бул мезгилде нурлануучу рентген нурларынын жыштыгы азайып, көзгө көрүнүүчү жарык болуп калат. К-дүн радиусунун 27%ин (445 000 км) конвекция аймагы түзөт. Өз огундагы орт. айлануу мезгили 25,4 күн, эклиптикага болгон кыйшаюусу 7,25°. Айлануу К-дүн 0,005%тин түзгөн К. дискинин кысылуусу м-н коштолот. Айлануу ылдамдыгы К. атм-сындагы ар түрдүү тактардын кыймылы ж-а К. дискинин четиндеги спектр сызыктарынын жылышы б-ча аныкталат. Жерге жакын (149,5 млн же 1 а. б.) ж-а Жердеги жашоо шарт К-дүн нурлануусуна толук көз каранды. К. ил. жактан үч негизги себептүү кызыкчылыктарды туудурат. Биринчиден, К. – Жерге эң жакын жылдыз ж-а фотосферасынын бурчтук өлчөмү 0,53°. Мындай аралыкта К. атм-сынын майда ж-а татаал бөлүктөрүн байкоо ыңгайлуу. Экинчиден, анын өтө начар радио ж-а рентген нурлануусу белгиленип, ургаалдуулугунун борбордон сырткы дискин карай жогорулай тургандыгы байкалат. Бул диапазондогу нурлануу жогорку хромосферада ж-а төмөнкү таажыда пайда болот. Үчүнчүдөн, Жер орбитасы К. атм-сын пайда кылуучу К. шамалынын ичинен өтөт ж-а космос аппаратынын жардамы м-н курамындагы заттардын үлгүсүн алууга, атм-сына түздөн-түз байкоо жүргүзүүгө ылайыктуу (к. Күн атмосферасы). Жер орбитасында К. шамалынын плазмасынын темпрасы жай Күн мезгилинде ~104К, активдүү мезгилинде 4x105К. К. шамалы 1 сек ичинде 1027 – 1029 эрг энергияны мейкиндикке таратат ж-а секундасына бир миллион тоннадай зат жоготот. К. шамалынын таасирин кометаларда байкоого болот.
Ад.: Звезды и звездные системы. М.,1981; Маров М. Я. Планеты солнечной системы. 2-е изд. М., 1986; Куликовский П. Г. Справочник любителя астрономии. 5-е изд. М., 2002.
А. Борсокеев.