КҮМҮШТАК КҮМҮШ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮМҮШТАК КҮМҮШ КЕНИ Талас обл-нун Ба­кай-Ата р-нунда, Талас Ала-Тоосунун түн. кап­талында, Күмүштак суусунун алабында, деңиз деңг. 2600–3000 м бийикте. Кен 1934-ж. ачылган. 1978–84-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кендин аймагында уз. 50–70 мге жеткен кен казып алган байыркы издер кезигет. Кендин геол. түзүлүшүнө акыркы рифейдеги алев­ролит катмарчасынан турган акиташ, кумдук горизонттору ж-а кызыл түстүү алевролиттер катышкан. Бул эки түрдүү катмардын жантайган чек арасы м-н кварц-мангано-сидерит кени байланышкан. Калыңдыгы 0,4–3,1 м, уз. 230– 740 м болгон онго жакын катталышкан тул­кулар бөлүнгөн. Негизги минералы – күмүштүн сульфоантимонити. Кенташтагы күмүштүн орт. өлчөмү 203–269,4 г/т. С категориясы б-ча запасы 1484 миң т, болжолдуу ресурсу 6260 миң т. Күмүш – 301,6 т, болжолдуу ресурсу 1686,9 т. Кенден сурьма, коргошун, висмут, жез, цинк, мышьяк, күкүрт алууга болот.