«КҮЛГААКЫ»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КҮЛГААКЫ»</b> – кыргыз эл дастаны. Негизги темасы – aта журтту коргоо, идеясы – калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли | <b type='title'>«КҮЛГААКЫ»</b> – кыргыз эл дастаны. Негизги темасы – aта журтту коргоо, идеясы – калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли менен калмактардын ортосунда 16–18-кылымда болгон кагылышты чагылдырат. «Күлгаакынын» качан пай­да болгону ж-дө так маалымат жок. Дастан­дын жаралышына Күлгаакы ж-дөгү уламыш, санжыралар негиз болгон. Дастандын баш каар­маны Күлгаакы – калмак ханынын кыргыз аялдан төрөлгөн кызы. Ал 14 жашында эле калк­ка кайрымдуу, адилет эл башкаруучу болгон. Күлгаакы кыргыз жигит Гүлжигитке турмуш­ка чыгып, калмак менен кыргызды достоштурган. Дастандагы Догон, Долухан, Таргын – терс кейипкерлер. Алар кол курап келип, Күлгаакы менен Гүлжигитти өлтүрөт. Бирок дастанда ади­леттүүлүк, акыйкат жеңип, окуя калмактардын кыргыз жергесинен куулушу менен аяктайт. Дас­тан Орозбай Урманбетовдун варианты б-ча басмадан чыгып (1969), окурмандарга тартууланган. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
03:42, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
«КҮЛГААКЫ» – кыргыз эл дастаны. Негизги темасы – aта журтту коргоо, идеясы – калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли менен калмактардын ортосунда 16–18-кылымда болгон кагылышты чагылдырат. «Күлгаакынын» качан пайда болгону ж-дө так маалымат жок. Дастандын жаралышына Күлгаакы ж-дөгү уламыш, санжыралар негиз болгон. Дастандын баш каарманы Күлгаакы – калмак ханынын кыргыз аялдан төрөлгөн кызы. Ал 14 жашында эле калкка кайрымдуу, адилет эл башкаруучу болгон. Күлгаакы кыргыз жигит Гүлжигитке турмушка чыгып, калмак менен кыргызды достоштурган. Дастандагы Догон, Долухан, Таргын – терс кейипкерлер. Алар кол курап келип, Күлгаакы менен Гүлжигитти өлтүрөт. Бирок дастанда адилеттүүлүк, акыйкат жеңип, окуя калмактардын кыргыз жергесинен куулушу менен аяктайт. Дастан Орозбай Урманбетовдун варианты б-ча басмадан чыгып (1969), окурмандарга тартууланган.