КОНВЕКЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНВЕ́КЦИЯ (лат. convectio – алып келүү, жет­кирүү) – суюктук, газ же чубурма заттуу чөйрөдө алардын бөлүкчөлөрүнүн которулушунан ал чөйрөдө массанын, жылуулуктун ж. б. алма­шуусу. К. табигый (эркин), аргасыз ж-а капил­лярдык болот. Т а б и г ы й К. – агуучу же


чубурма заттардын бирдей эмес ысышынан (мис., астынан жылуулук берилсе) оордук күчүнүн талаасында пайда болот. Мис., бөлмөнү жылытууда (меш же жылыткыч радиатор) аба­нын кыймылы эркин К. болуп эсептелет. Темп­ра жогорулаганда, абанын тыгыздыгы азайып, ал өйдө карай көтөрүлөт, ал эми муздак аба ылдый түшөт. Эркин К. процесси темп-ра теңел­генге чейин уланат, анын ургаалдуулугу чөйрө катмарларынын ортосундагы темп-ранын айыр­масына, жылуулук өткөрүмдүүлүгүнө ж-а илээш­кектигине көз каранды. А р г а с ы з К. атайын сырткы мех. таасирден (насос, аралаштыргыч ж. б.) пайда болот, мис., бөлмөнүн ичинде вен­тилятордун же кондиционердин таасири астында абанын кыймылы, гидронасостун таасири ас­тында түтүктөгү суюктуктун кыймылы. К а­п и л л я р д ы к К. суюктуктун эркин беттик тегиздигинде беттик тартылуу айырмасында пайда болот. Айырмалар темп-ра өзгөргөндө, беттик активдүү заттар таасир эткенде болот. Капиллярдык К-нын ургаалдуулугу өтө ки­чине. Космос тармагында, атм-дан сырткары чөйрөдөгү эркин учууларда, салмаксыз абалда эркин К. азайганда капиллярдык К-нын маа­ниси өсө баштайт. К. техникада чоң роль ой­ноп, табиятта көп кездешет, мис., атм-да аба массасынын ж-а деңиз м-н океандарда суу мас­саларынын которулушу К-га мисал болот.