КОМСОМОЛ 3: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМСОМО́Л (1940-ж. чейин К ы п ч а к - А б а д) – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Барпы атн. айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 730 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 3 км аралыкта. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 2380 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, амбулатория бар. Байланыш ж-а соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үрөнчүлүк чарбасы иштейт.