КОМПЬЕН ЖАРАШУУСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМПЬЕ́Н ЖАРАШУУСУ – 1) 1-дүйнөлүк согушта (1914–18) жеңилген Германия м-н анын каршылаштары – АКШ, Англия, Франция ж. б. антигерманиялык коалициядагы өлкөлөр ортосунда 1918-ж. 11-ноябрда Компьен токоюндагы Ретонд станциясына жакын жерде (Франция) түзүлгөн келишим. К. ж. б-ча Германия Европадагы өзү басып алган аймактардан куралдуу күчтөрүн алып кетүүгө милдеттендирилген. Ал эми Германия басып алган сов. аймактан анын аскерлерин чыгаруу каралган эмес. Алар сов. Россияга ж-а Германиядагы рев-ячыл кыймылга каршы күрөшүү үчүн Германия армиясынын бир бөлүгүн сактаган. К. ж. Версаль тынчтык келишиминин (1919) түзүлүшүнө алып келген; 2) 2-дүйнөлүк согуш учурунда 1940-ж. 22-июнда ошол эле жерде фашисттик Германия Франциянын А. Ф. Петен жетектеген чыккынчыл өкмөтү кол койгон келишим. Ал б-ча Петендин өкмөтү фашисттик Германияга каршылык көрсөтүүнү токтотуп, гитлерчилер Франциянын 2/ бөлүгүн оккупациялап, Франция армиясы м-н флоту таркатылып, курал-жарак немистердин командачылыгына өткөрүлгөн. 1944-ж. гана Франция Германиянын 4 жылдык эзүүсүнөн кутулуп, К. ж. биротоло күчүн жоготкон.
Ад.: Международная политика новейшего времени
в договорах, нотах и декларациях. Т. 2, М., 1926.